Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

200дөй тажик жараны "Манас" аэропортунан артка кайтарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке учуп келген тажикстандык 177 жаран кайра артка жөнөтүлдү. Алар менен чогуу келген тогуз чет элдик өлкөгө киргизилип, тажик жарандары өткөрүлгөн эмес.

"Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова муну кыргыз-тажик чек арасынын убактылуу жабылганы менен байланыштырды.

25-майда түнкүсүн Тажикстандын "Сомон Эйр" авиакомпаниясы менен Кыргызстанга учуп келген жүргүнчүлөр киргизилбей жатканын тажик басылмалары жазышкан. Алар кайра келген учактары менен артка кайтышкан.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын өлкө аймагына киришине, ары-бери жүрүүсүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө "убактылуу чектөө" коюлган.

Буга чейин тажикстандыктар Кыргызстандагы аэропорттор аркылуу дээрлик күн сайын Орусиянын ар кайсы аймактарына учуп турушкан.

28-29-30-апрелде жана 1-майда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болгон, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жараат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG