Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Чек ара чырына айыпталып, Орусиядан кармалган кыргызстандыктын соту болот


27-апрелде Эсенбай Мажитовду колдогон жарандар ТИМдин алдында чогулушкан.
27-апрелде Эсенбай Мажитовду колдогон жарандар ТИМдин алдында чогулушкан.

18-апрелде Орусиянын аба майданынан кармалган Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитовдун бөгөт чарасы бүгүн, 26-майда Төмөнкү Новгород шаардык сотунда каралат. Аны Орусиянын укук коргоо органдары калайман башаламандык уюштурууга айыптап кармаган.

“Мажитовду үй камагына чыгарат деп үмүттөнүп турабыз. Сотто анын укугун орусиялык адвокат коргойт. Жанында котормочусу бар. Аларга кеткен чыгымды Орусиядагы мекендештер, Мажитовдун туугандары чогултуп беришти”, - деди Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова.

Эсенбай Мажитов Орусиянын Төмөнкү Новгород шаарына жумуш издеп барып, учактан түшөрү менен полицияга кармалган. Ага Тажикстандын "оор кылмышкер катары эл аралык издөө жарыялаганы" себеп болгон.

Расмий Дүйшөмбү оор беренелер менен издөөгө алынган Эсенбай Мажитовду Тажикстанга экстрадициялоо өтүнүчүн келтирген.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү бул ишти Тышкы иштер министрлиги жана Башкы прокуратура көзөмөлгө алганын билдирген. Маалыматта Мажитовду Тажикстанга экстрадиция кылбай Кыргызстанга кайтаруу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылган.

Эсенбай Мажитов Баткен районунун Көк-Таш айылынын Тажикстандын Чорку айылы менен чектеш аймакта турат. Былтыр май айында кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкканда эки тараптан тең ок атылып, Мажитовдордун үйү өрттөлгөн. Кийин өкмөт жана жергиликтүү элдин колдоосу менен калыбына келтирген. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG