Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Бишкек-Минск-Бишкек аба каттамы ачылат


«Манас» аэропортуна конгон учак.
«Манас» аэропортуна конгон учак.

"Avia Traffic Company" Бишкек-Минск түз авиакаттамын ачат. Бул тууралуу аталган компаниянын сайтында маалымдалды.

Авиарейс 25-июндан тартып ачылат. Ага ылайык, Бишкек - Минск - Бишкек үзгүлтүксүз каттамдарын аптанын шейшемби жана жума күндөрү AirBus A320 учагы аткарат.

“Бул каттам Орусиянын, Украинанын жана Батыш Европа өлкөлөрүнүн кыдырган жүргүнчүлөргө ыңгайлуу учууларды камсыз кылат. "Avia Traffic Company" Минскиге жакын жайгашкан коңшу шаарларга саякаттоонун альтернативдүү жолдорун сунуш кылат”, - деп жазылган компаниянын маалыматында.

Ал арада казакстандык "Air Astana" авикомпаниясынын Алматы-Минск каттамын ишке киргизүү токтотулду. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттар компаниянын басма сөз кызматына шилтеме кылып жазышты. 31-майда башталат деп пландалган рейс эмне үчүн аткарылбай калганы такталган жок.

Украинанын президенти Владимир Зеленский да өкмөткө Беларус менен аба каттамды толук үзүү жана ал өлкөнүн аба мейкиндигин кыйгап учуу чечимин даярдоо тапшырмасын бергени маалым болду.

23-майда ирландиялык "Ryanair" авиакомпаниясынын Афины-Вильнюс каттамындагы учагы “бомба бар” деген шылтоо менен аскердик учактын коштоосунда Минскинин аба майданына кондурулган. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн арасындагы оппозициялык журналист, блогер Роман Протасевич жана анын сүйлөшкөн кызы камакка алынган.

Бул окуядан кийин 24-майда Евробиримдиктин саммитинде беларус авикомпанияларына шаркетке учууга тыюу салуу чечими кабыл алынган. Лидерлер ошондой эле авиакомпанияларды мүмкүн болушунча Беларустун үстүнөн учпоого чакырышты. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG