Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Мелис Аспековдун үстүнөн сот жараяны башталды


Мелис Аспеков. Биринчи май райондук сотунда. 21-май, 2021-жыл.
Мелис Аспеков. Биринчи май райондук сотунда. 21-май, 2021-жыл.

25-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жарандык активист Мелис Аспековдун үстүнөн “Опузалап талап кылуу” беренеси менен козголгон иш карала баштады. Сот залына шектүүнү алып келишкен жок, ал №1 тергөө абагынан видео байланыш аркылуу катышты.

Аспеков өзүнө коюлган айыпка макул эместигин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны акча алып жаткан жеринен кармабаганын журналисттерге айтты. Кийинки соттук отурум 8-июнга дайындалды.

Жарандык активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен быйыл 8-январда кармалган. УКМК экөөнө каршы Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-майда Улан Жураевди күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул салганы белгилүү болду.

24-майда Мелис Аспековго каршы Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен дагы бир кылмыш иши ачылганы маалым болгон.

8-январдан бери УКМКнын тергөө абагында отурган Мелис Аспеков экинчи айып тагылгандан кийин, 21-майда №1 тергөө абагына которулган. Ал муну “коркутуу аракети” деп баалаган.

Аспеков 14-майда “Фейсбуктагы” баракчасына Садыр Жапаров шайлоо компаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу жазган. Президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөгөн.

Ички иштер министрлиги Аспековдун билдирүүсүн иликтеп-тергей баштаган.

38 жаштагы Аспеков былтыр октабрдагы бийлик алмашууда Садыр Жапаровдун жанында жүргөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG