Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

COVID-19: пандемия Азияда күчөп жатат


Непал, май 2021-жыл
Непал, май 2021-жыл

АКШда бир жылдан бери COVID-19 илдетине чалдыккандардын эң төмөнкү апталык көрсөткүчү катталды. Өлкөдө чоң кишилердин 60 % жакыны вакцинанын жок дегенде бир дозасын алды.

Жаңы инфекциялангандардын саны бир жумада 180 миңден аз болду. Ушул эле аралыкта төрт миңге жакын бейтап коронавирустан көз жумду.

Бирок азыр пандемиянын Азияда күч алуусу адистерди жана бийликтерди көбүрөк камтама кылууда. Индия көптөн бери илдет менен алпурушуп келаткан чакта буга чейин вирусту ооздуктоого жетишкен Тайвань менен Вьетнамда COVID-19 учурлары көбөйүүдө.

Сингапур менен Малайзия вирустун тарашын алдын алуу үчүн санитардык чараларды күчөтүү чечимдерин кабыл алышты.

АКШ Мамлекеттик департаменти эпидемиянын жаңы толкунуна байланыштуу өз жарандарын Жапония жана Шри-Ланкага баруудан карманууга чакырды.

Ал тапта эмдөөнүн жай жүрүшү үчүн сынга кабылган жапон өкмөтү жайкы Олимпиада алдында вакцинация борборлорун ачты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG