Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Навальный ага каршы жаңы кылмыш иши козголгонун билдирди


Навальный Химкидеги соттон кийин. 18-январь 2021-жыл
Навальный Химкидеги соттон кийин. 18-январь 2021-жыл

Орусиядагы оппозициялык саясатчы Алексей Навальный анын үстүнөн жаңы кылмыш иши козголгонун билдирди. Саясатчы "Инстаграмдагы" баракчасына жазгандай, ага судья Вера Акимова акарат келтирген деген айып койгон. Бирок кандай акарат экенин саясатчыга маалымдашкан жок.

Февралда Москвадагы райондук сот Навальныйды ветеран Игнат Артеменкого жалаа жапкан деп айыптап, 850 миң рубль айып пул төлөөгө милдеттендирген. Ветеран Конституцияга түзөтүүлөрдү колдогон видео роликке тартылган болчу.

Судья Акимова сот жыйыны аяктагандан кийин оппозиционердин "акарат келтирген" билдирүүлөрүн текшерүү үчүн материалдарды Москванын тергөө комитетине жөнөтөрүн айткан.

Навальныйга дагы эки кылмыш иш тууралуу кабарлашты. Атап айтканда, ал көз боёмочулук жана жарандардын укуктарына шек келтирген коммерциялык эмес уюм түзгөн деп айыпталууда.

2-февралда Москванын райондук соту саясатчыны 2013-жылкы кылмыш иш боюнча колонияга кескен. Ал камакта 2 жарым жылдай отурмакчы.

31-мартта Навальный ачкачылык жарыялап, үч жумадан ашык тамактан баш тартып келген. Кийин ачкачылыкы токтоткон. Аркасы, буту ооруганын айткан, аябай арыктаган оппозиционер көз каранды эмес дарыгерлерди ага киргизүүнү талап кылган. Ага медициналык жардам көргөзүүгө укук коргоочулар, бир нече өлкөнүн бийликтери, Нобелдин лауреаттары жана белгилүү адамдар үндөшкөн. Орусияда аны колдоо акциялары өтүп, миңдеген адам кармалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG