Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:12

Кыргызстан: былтыр эл аралык донорлор 374 миллион доллар берген


АКШ доллары.
АКШ доллары.

Кыргызстан 2020-жылы коронавирустун кесепетине каршы күрөшүүгө жана бюджетти колдоо максатында эл аралык донорлордон 374 миллион 900 миң доллар алды. Бул тууралуу экономика жана финансы министринин орун басары Султан Ахматов билдирди. Ал ушул тушта Бишкек дагы 269 миллион 500 миң доллар каражат күтүп жатканын билдирди.

Ахматов Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 25-майдагы жыйынында Кыргызстан буга чейин алган акчанын канчасы насыя жана грант экени тууралуу маалымат берди.

“374 миллион 900 миң доллардын 98 миллиону грант. Калганы насыя”.

Былтыр алынган насыя, гранттардын 257 миллион 700 миң доллары бюджетти колдоого, саламаттык сактоо тармагына 68 миллион 300 миң сом, экономиканы колдоого 48 миллион 800 миң сом бөлүнгөн. Буга чейин эл аралык донорлордон алынган каражаттын сарпталашы суроо жараткан.

2020-жылы коронавируска каршы күрөшкө жана бюджетти колдоого Кыргызстанга эл аралык донорлордон 774 миллион 433 миңдей доллар келери маалымдалган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG