Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:36

Бишкектеги балдар аянтчалары азырынча ачылбайт


Бишкектин оюн-зоок борборундагы балдар аянты.
Бишкектин оюн-зоок борборундагы балдар аянты.

Бишкек шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссия 25-майда шаардагы соода, оюн-зоок борборлорундагы балдар аянттарынын ишин убактылуу токтото туруу боюнча чечимди күчүндө калтырды.

Буга Бишкекте коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал дагы деле курч экени негиз болду. Мэриядан кабарлашкандай, акыркы бир суткада борбор калаада дагы 298 адамдан COVID-19 илдети аныкталды. Сегиз бейтап каза болду.

Буга чейин Бишкектеги балдардын көңүл ачуу борборлорунун ассоциациясы шаардык бийликке кайрылып, балдар аянттарын ачууга уруксат берүүнү сураган. Мэрия бул маселе эпидемиологиялык кырдаал турукташкандан кийин кайра караларын билдирди.

Балдар аянттарынын ишине 1-апрелден тартып тыюу салынган. Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан 2021-жылдын январына чейин башкалаадагы соода, оюн-зоок борборлорунда балдар ойногон аянттар жабык турган.

Өлкөдө коронавирус катталган 2020-жылдын мартынан бери расмий эсеп боюнча оору 103 000​ адамга жукту. Алардын 1700дөн ашууну каза болуп, 96 433ү айыкты. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG