Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:55

УКМК активист Мелис Аспековду кармаганы айтылууда (видео)


Мелис Аспеков.
Мелис Аспеков.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен 8-январда кармалган эки адам Мелис Аспеков жана Улан Жураев экени айтылууда.

Бул тууралуу «Kaktus.media» порталы укук коргоо органдарынын кызматкерлерине шилтеме берип жазды.

Атайын кызмат 9-январда маалымат таратып, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен эки жарандык активист кармалганын билдирген.

УКМК берген «М.А.» жана «У.Д.» деген инициалдар Мелис Аспеков менен Улан Жураевдин (ред: орус тилинде Улан Джураев) аты-жөнүнө туура келет.

УКМК алар «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде, Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренесине шек саналып кармалганын кабарлаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, «М.А.» жана «У.Д.» деген жарандар укук коргоо органдары ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат деп коркутуп, «Кыргыз темир жолунун» башчыларынан 250 миң доллар талап кылышкан.

Ишкананын жетекчилиги маселени оң жагына чечүү үчүн аларга жогорудагы каражатты берген. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Азаттык» Мелис Аспековго жана анын жакындары менен байланышууга аракет кылып андан жыйынтык чыккан жок.

Мелис Аспеков президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облусундагы шайлоо штабын жетектеп жатканын айткан. Жапаровдун Борбордук шайлоо комиссиясындагы (БШК) ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин өткөн айда Аспеков Жапаровдун шайлоо штабынын кызматкери эмес экенин билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG