Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:22

УКМК: «Кыргыз темир жолунун» жетекчилигинен пара талап кылгандар кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен эки жарандык активистти кармады.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, 8-январда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде, Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренеси менен сотко чейинки териштирүүнү баштаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, «М.А.» жана «У.Д.» деген жарандар укук коргоо органдары ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат деп коркутуп, «Кыргыз темир жолунун» башчыларынан 250 миң доллар талап кылышкан.

Жыйынтыгында ишкананын жетекчилиги маселени оң жагына чечүү үчүн аларга жогорудагы каражатты берген. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. (BTo)

XS
SM
MD
LG