Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:15

Блинкендин Жакынкы Чыгышка сапары башталды


Блинкен Тел-Авивке барып конду. 25-май 2021-жыл
Блинкен Тел-Авивке барып конду. 25-май 2021-жыл

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 25-майда Тел-Авивге барды. Буга чейин америкалык башкы дипломат Газадагы ок атышууну токтотуу чечимин колдоо иретинде Жакынкы Чыгышка аттанып жатканын билдирген.

Блинкен Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху, Палестина автономиясынын президенти Махмуд Аббас менен сүйлөшүү өткөрүп, андан соң Египет жана Иорданияга бет алмакчы.

Мамкатчы региондо 27-майга чейин болот. Сапарынын жүрүшүндө анын ХАМАСтын өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалган эмес. Бул топ Батышта террордук уюм катары сыпатталып келет.

Израиль менен ХАМАСтын 11 күнгө созулган соңку куралдуу жаңжалы 250дөн көп кишинин өмүрүн кыйды. Курмандыктардын көбү палестиналыктар, арасында бейкүнөө балдар менен аялдар бар.

Блинкендин сапарына тушташ Израиль бийлиги Газадагы менчик секторго багытталган күйүүчү май, дары-дармек жана азык-түлүктү ташып бараткан жүктүн өз аймагы аркылуу өтүүсүнө кайрадан уруксат берерин билдирди.

Мамкатчы сапары маалында “АКШнын Израилдин коопсуздугун жактарын кайталап, администрациянын жылдардан бери көз жаздымда калган палестин эли жана лидерлери менен байланыштарды калыбына келтирүү, аларды колдоо аракетин улантат”, - деп айтылат президент Жо Байдендин билдирүүсүндө.

Ак үй бул жолку зомбулукка өзгөчө башында кийлигишпей жаткандай реакциясы үчүн сынга кабылган. Конгресстеги демократтар да Израилге, анын ХАМАС жана палестиналык башка согушкер топтордун ракета атууларына жообуна каршы катаң позицияны карманууга чакырышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG