Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Австралия Кабулдагы элчилигин жабарын билдирди


Ооганстандын Лагман провинциясы. 24-май 2021-жыл
Ооганстандын Лагман провинциясы. 24-май 2021-жыл

Австралия коопсуздук кырдаалга байланыштуу ушул жумада Ооганстандагы элчилигин жабарын билдирди.

АКШ жана НАТО ооган жергесиндеги аскерлерин ушул айдын башында чыгарууга киришкен. Бул жараян 11-сентябрга чейин аяктоого тийиш. Эл аралык контингенттин курамында кызмат өтөгөн Австралиянын 80 жоокери да Ооганстандан кетүүдө.

Премьер-министр Скотт Моррисондун 25-майдагы билдирүүсүндө айтылгандай, Кабулдагы элчилик 28-майда жабылышы мүмкүн, дипломаттар Ооганстанга региондун башка жерлеринен каттап турушат.

Чет элдик аскерлердин 20 жылдан кийин чыгарылышы Кабул өкмөтү коопсуздукту өз алдынча камсыздай алабы деген кооптонууларга жем таштады. Анын үстүнө акыркы апталарда жоочулар менен кармаш күчөп, талибдер улам бир районду өз көзөмөлүнө кайтарып келатышат.

Моррисон дипломатиялык өкүлчүлүк "убактылуу" гана жабылат деп үмүттөнөрүн, кырдаал жол бергенде кайра ачылууга шарт түзүлөт деп күтөрүн кошумчалады.

Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги Канберра чечимин кайра карап чыгат деп ишенерин, өлкө дипломатиялык миссиялардын коопсуздугун камсыздоону уланта берерин билдирди.

Дагы бир кабарларга караганда, “Талибан” кыймылынын басма сөз катчысы согушкерлер чет өлкөлүк дипломаттарга жана гуманитардык уюмдарга “коопсуз чөйрө түзүшөрүн” айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG