Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Жерүйдөн бюджетке бир айда 140 млн. түштү


Жерүй алтын кени. Архивдик сүрөт.
Жерүй алтын кени. Архивдик сүрөт.

Таластагы Жерүй алтын комбинаты ишке киргенден тартып бир айда мамлекеттик бюджетке 140 миллион сом түштү. Бул акча апрель айы үчүн төлөнгөн салык жана жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүүгө кеткен чыгым. Мындай маалымат кенди иштеткен “Альянс алтын” компаниясынын сайтына жарыяланды.

Жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүүгө төлөнгөн акча комбинат тапкан кирешенин 2% түзөт. Аны үч фонд ич ара бөлүштүрөт. 50% облусту, 30% районду өнүктүрүү фондуна кетет. Калган 20% кен чыккан жердеги жергиликтүү бюджетке чегерилет.

Жерүй кени 2015-жылы аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Кен иштетүү укугу «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Альянс алтын» ишканасы түзүлгөн. Компаниянын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

Алтын иштетүүчү комбинаттын ачылышы быйыл 17-мартта президенттер Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин катышуусунда өткөн​.

Жерүй көлөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки 2-орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык кенде 84 тонна алтын, 25 тоннадан ашуун күмүштүн запасы бар. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG