Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Ооган бийлиги талибдердин колундагы туткундарын бошотту


Ооганстан.
Ооганстан.

Ооган бийлиги өлкөнүн батышындагы Герат провинциясындагы Талибан түрмөсүнөн 41 адамды бошотту.

Провинция губернаторунун басма сөз катчысы Жилани Фархаддын 25-майда "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Заргон районунда түнү бою жүргөн операциянын жүрүшүндө бошотулган туткундар арасында Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнүн 19 кызматкери бар.

“Операция учурунда түрмөнүн жети кызматкери өлтүрүлдү, өкмөттүк аскерлер арасында жоготуулар болгон жок”, - деди Жилани Фархад.

Ооганстандын улуттук армиясынын атайын операция корпусу билдирүү жасап, курал-жарак алынганын жана Талибанга таандык алты мотоцикл жок кылынганын билдирди.

Талибдер бул операция тууралуу комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG