Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Былтыркы ажылык сапарга чогулган акчага 1,8 млн. доллар жетпей турат


Борбордук мечит.
Борбордук мечит.

Мусулмандар дин башкармалыгында түзүлгөн атайын комиссия былтыр ажылык сапар үчүн чогулган акчаны ийне-жибине чейин эсептеп чыкты.

Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазиевдин колу коюлуп, Аалымдар кеңешинин “Фейсбуктагы” баракчасында жарыяланган документте чогулган акча кандай коротулганы жана ушул тапта анын канчасы кемип турганы кенен жазылган.

2020-жылы ажылык сапарга баруу үчүн 9526 адам катталган. Мунун ичинен 5519 зыяратчы ар бири муфтияттын банктык эсебине 3350 доллардан төлөшкөн.

Натыйжада чогулган жалпы 11 418 200 доллардын 1 894 155 доллары кемип турат.

Былтыр пандемиядан улам ажылык үзгүлтүккө учурап, зыяратчылардын акчасы иштетилбей калган.

Муфтияттагы миллиондор: Ажылыктын акча чыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:59 0:00

Муфтият 2020-жылдын август айында “Налоговый Представитель” жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүп, бул фирмага банктагы эсебинен 155 миллион сом которуп берген. Эки тараптын мөөрү басылган келишим боюнча “Налоговый Представитель” компаниясы 155 миллион сомду 2020-жылдын 31-декабрына чейин кайта бермек. Бирок убада кылынган акча толук кайтарылган эмес.

10-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ажылыктын акчасына байланыштуу иште шектүү катары муфтияттын башкы эсепчиси Жеңишбай Бекиевди жана ошол кездеги муфтий Максатбек Токтомушевди кармаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-февралда Токтомушевдин бөгөт чарасын карап, жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. Бул окуялардан улам Токтомушев кызматтан өз эрки менен кеткен. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG