Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Дүйнөдө балдардын эмгегин пайдалануу учурлары көбөйдү


Бишкек
Бишкек

Жашы жетелек балдардын эмгегин пайдалануу учурлары акыркы 20 жылда көбөйдү. Бул тууралуу 10-июнда билдирген БУУ коронавирус пандемиясы учурунда бул тенденция күч алганын белгиледи.

Эл аралык Эмгек уюму жана ЮНИСЕФ биргелешкен докладда жазышкандай, дүйнө жүзүндө ушу тапта 160 миллиондой бала түрдүү жумушта иштейт. Соңку төрт жыл менен салыштырганда бул 8,4 миллионго көп.

Ар бир онунчу жеткинчек иштөөгө мажбур деген баяндама авторлору, бир муундун саламаттыгына, билимине жана бакубат жашоосуна коркунуч жаралып жатканын эскертишет.

Бул жагынан эң көп жабыркаган аймак деп Африканын түштүк бөлүгү аталган.

Адистер пандемиянын экономикага, билим берүүгө тийгизген кесепетинен улам 2022-жылдын аягына чейин дагы 9 миллиондой бала иштөөгө аргасыз болот деп боолголошот.

Ар төрт жыл сайын жарыяланган докладда жашы жетелек балдар негизинен айыл-чарба иштерине тартылары, андан тышкары туруктуу эмес, маал-маалы менен түрдүү жумушка салынган балдар менен өспүрүмдөрдүн саны да кескин өскөнү белгиленет.

XS
SM
MD
LG