Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

Баткендин мурдагы мэри 77 жер тилкесин мыйзамсыз бергени аныкталды


Баткен шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткен шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет соңку он жылдан бери Баткенде расмий жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө байланыштуу документтерди жасалмалоо жана каттоо багытындагы коррупциялык схема аныкталганын кабарлады.

Анда айтылгандай, Баткен шаарынын мурдагы мэри “С.С.” 2010-жылдагы жасалма токтому менен жер тилкелердин ар бирин 40 миңден 70 миң сомго чейин жеке жарандарга сатып турган. Ушул эле токтомго таянган Баткен облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары “Э.К.” 100 миң сомдон 200 миң сомго чейинки акчага бул тилкелердин архитектуралык документтерин даярдап турган.

Өз кезегинде тиешелүү документтердин аткарылышы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Баткен аймактык бөлүмүнүн башкы адиси “Н.Б.” тарабынан жүргүзүлүп, ар бир иши үчүн 5 миңден 10 миң сомго чейин сый акы алып турганы такталган.

Баткен шаарынын тургундары “С.Ж.” жана “У.Д” бул аракеттерге ортомчу болуп, кардарларды таап бергени үчүн 60 миңден 100 миң сомго чейин акча алып турушкан.

Бул схеманын негизинде Баткен шаарында жеке турак жай куруу үчүн 77 жер тилкеси мыйзамсыз берилген. УКМК бул тилкелердин ар биринин орточо баасы ушул күндөрү 400 миң сомдон бааланарын маалымдайт.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “С.С.”, “Э.К.”, “Н.Б.”, “С.Ж.” жана “У.Д.” кармалып, бешөө тең Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Маалыматка ылайык, 2010-жылы Баткен шаарын Сейдахмат Сейдалиев жетектеген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG