Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Консулдук: Дубайга каттаган кыргыз жарандарын сак болууга чакырабыз


Дубайдын аэропорту.
Дубайдын аэропорту.

Кыргызстандын Дубайдагы консулдугу Бириккен Араб Эмиратында (БАЭ) каттаган кыргыз жарандарын сак болууга чакырууда. Консул Адилет Сыдыков “Азаттык” радиосуна Дубайда жылына үч-төрт кыргызстандык түрдүү кылмышка шек саналып камаларын, алардын басымдуусу тыюу салынган дарыны ташууга айыпталып жатканын айтып берди:

"Негизи тыюу салынган дары-дармекти ташыгандардын жазасы өтө жогору. 25 жылга же өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилиши мүмкүн. Ошондуктан жарандарды сак болууга чакырып, пресс-релиздерди таратып келе жатабыз. Дубайга келерде эмнени алып барууга болот же болбойт деген тизмени интернеттен окуп коюшса жакшы болот эле. БАЭ тууралуу өтө көп маалыматтар бар", - деди Сыдыков.

9-июнда “Азаттык” радиосу “Дубайда абакта жаткан кыргызстандыктар” деген иликтөөсүн жарыялады. Анда БАЭде тыюу салынган дары менен Дубай полициясына кармалып, абакта жатып чыккан эки кыргызстандыктын тагдыры баяндалат. Экөө тең 2019-жылдын сентябрь айында Кыргызстандан аэропорттон милиция кызматкерлери берип жиберген жүк үчүн Дубайдан кармалып, камалып чыгышкан.

Дубай түрмөсүн көргөзгөн аманат азабы

Эмираттарга каттаган кыргызстандыктарды аэропорттон этият болууга Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) да чакырып, Дубайдын аэропортунда кийинки убакта бул өлкөдө тыюу салынган дары-дармекти, тактап айтканда, баңгизат аралашкан «Лирика» деген препаратты мыйзамсыз алып кирүү фактыларына байланыштуу кыргызстандыктар колго түшкөн учурлар көбөйүп жатканын билдирген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG