Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

COVID-19: Ошто чектөөлөр кирди


 

Кыргызстанда соңку бир суткада коронавирус жуккан 619 учур катталды. Беш адам каза болду. Бир күн мурда бул илдет 526 кишиден аныкталып, жети бейтаптын өмүрүн алган. Бул былтыркы ноябрь айынан берки эң чоң көрсөткүч. Мунун алдында оору көбөйгөндүктөн Ош облусу кайрадан "кызыл зонага" кирди.

Кооптуу статистика

Кыргызстанда июнь айынын башынан бери коронавирустан 73 киши каза болду. Күн сайын беш же жети адам илдеттин курмандыгы болууда. 3-июнда вирус тогуз адамдын өмүрүн алганы кабарланган.

Илдет жуктургандар көбөйгөнүнө байланыштуу Ош облусу 8-июндан тарта "кызыл зонага" кирген. Ош шаардык мэриясы №52 жана №18 мектептердин базасында күндүзгү амбулатордук стационарларды уюштурган.

Ош шаардык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Кылычбек Мамашарипов экинчи борбордо социалдык эрежелер такыр сакталбай жатканына кейиди.

Kylych Mamasharipov
Kylych Mamasharipov

“Соңку суткада жүздөн ашуун адамдан катталып жатат. Бул күндөн күнгө вирустун жайылуу көрсөткүчү жогорулап жатат дегенди билдирет. Аймакты "кызыл зонага" киргизүүнүн дагы бир себеби кырдаалга жараша иш-аракеттер күчөтүлсүн дегенди билдирет. Мисалы социалдык аралык сакталбай калды, беткап тагынгандар дээрлик жокко эсе”.

11-июндан тартып санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 1-июлга чейин Ош шаарында бардык массалык иш-чараларга чектөө киргизилгени маалым болду.

Мэриянын кабарлашынча, келерки айдын башына чейин белгиленген концерттик программалар, календардык салтанаттар, спорттук мелдештер жана башка иш-чаралардын баарына чектөө кирет.

Ага ылайык, коомдук транспорт 60-70% ашык толтурулбашы шарт, беткап, санитайзер, аралык жана башка эрежелер так сакталышы зарыл.

Мэрияга караштуу муниципалдык аймактык башкармалыктардагы жана башка коомдук объектилерге рейд күчөтүлөт. Кошумча мобилдик топтор уюшулат. Шаардагы бардык базарларда аптасына бир жолу санитардык күн өткөрүлөт. Билим берүү мекемелеринде сабактар онлайн тартипке өтөт.

Тойканалар, ресторан-кафелер бар болгон орундуктарынын 50% ашык толтурбашы шарт. Эпидемиологиялык кырдаал жакшырбаса, 1-июлдан тартып той-аштар таптакыр тыюу салынышы ыктымал.

Ош шаарынын вице-мэри, эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу штабынан башчысы Эмил Шадыканов чаралар тууралуу айтып берди.

“Окуу жайлардын баары онлайн тартипке өттү. Тойканаларда адамдын саны алгоритмге карай 50 пайызга түшүрүлдү. Ал эми коомдук транспорттогу адамдардын саны да 60-70 пайызга чейин болушу керек. Коомдук транспорт ар бир рейсте дезинфекция болуп турат”.

Нурлис Токебаев өткөн жылдын жаз айларында Орусиядан 30га чукул дарыгерди баштап келген. Азыр да Ош шаарында жүргөн дарыгер өкмөт илдетти ооздуктоо үчүн катаал чараларга барышы керек деген пикирде.

Nurlis Tokebaev
Nurlis Tokebaev

“Расмий статистика бул ооруканага жаткандардын гана эсеби. Ал эми канча адам сыртта ээн-эркин жүрөт. Ооруканага барсам жаткырып коёт дегендер андан көп. Катуураак тартип киргизип, абалды көзөмөлгө албаса, бул сан мындан ары да көбөйүшү мүмкүн. Жогорудагы министрлик же дарыгерлер айткан чараларды эч ким колдонбой жатат”.

Анткен менен Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов эпидемиологиялык кырдаал өткөн жылдагыдай кооптуу чекке жетпейт деп ишендирүүдө.

“Былтыркы жылдын июль айындагыдай же күздөгү октябрь, ноябрь, декабрь айындагыдай болуп жогорку деңгээлге көтөрүлбөйт. Мурдагы июль айында илимий изилдөө жүргүзгөн учурда Кыргызстан боюнча адамдарда 30,8 пайыз адамда антитела бар эле. Ошондой эле иликтөөнү биз 1-апрелде бүтүрдүк. Анда 71,2 пайыз адамдарда антитела бар болуп чыкты. Демек барган сайын оору жуга турган адамдардын саны азайып жатат”.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 109 миң 812 кишиге жукту. Анын 102 миң 314ү айыкканы айтылды. Вирустан жалпы 1881 адам кайтыш болду.

Кыргызстанда 2021-жылдын мартынан баштап Кытайдын жана Орусиянын препараттары менен эмдөө башталган. Вакциналардын алгачкы партиясы түгөнүп, кезектегисин алып келүү иштери жүрүүдө. Андан тышкары, Кыргызстан Дүйнөлүк банк берген 20 миллион доллардын 17 миллионуна 1 миллион доза вакцина сатып алганы жатат. Ушул күнгө чейин 90 миңге жакын киши эмделди.

COVID-19: эмдөө эмне үчүн керек?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00

  • 16x9 Image

    Маратбек Акимбек уулу

    Маратбек Акимбек уулу "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика бөлүмүн аяктаган. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистранты. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG