Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 06:36

COVID-19: Чектөөлөр күчөшү мүмкүн


31-март, 2020-жыл.

Министрлер кабинети Кыргызстанда коронавируска каршы чектөөлөрдү кырдаалга жараша күчөтүүнү көздөп жатат.

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын расмий саны жүз миңден, көз жумгандар 1700дөн ашты. Адистер коомчулук арасында тийиштүү эрежелерди аткаргандар аздыгына кабатыр.

Вакцина алуу жагынан да Кыргызстан башка мамлекеттерге салыштырмалуу артта.

Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму илдеттин үчүнчү толкуну мурдагыдан оор болушу мүмкүндүгүн эскертүүдө.

Аргасыз чектөөлөр

Нарындын тургуну Кылычбек Өмүрзаков эки жолу коронавируска чалдыкты. Өткөн жылы COVID-19 илдетин жуктуруп алганда жеңил эле өткөнүн, экинчисинде кыйналганын айтып берди:

"Быйыл экинчи ирет жукту. Каяктан жабышканын түшүнбөй деле калдым. Бардык эрежелерди аткарып, беткап тагынып жүргөм. Билинбеген жерден ооруга чалдыгып калат экенсиң. Экинчи жолу ооруганда аябай кыйналдым. Өпкөм кагынып, дем алалбай азап чектим. Ооруканага жатып, аман калдым. Эгер бул илдетке маани бербей койсоң, жаман иш болуп кетери турган кеп экен. Элибиз эмнегедир дартка кенебес мамиле кылып жатат. Этият болуп, саламаттыкка көңүл бургула деп суранат элем".

Жугуштуу оорулар бейтапканасы. Бишкек.
Жугуштуу оорулар бейтапканасы. Бишкек.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, 16-майга карата 224 адамга коронавирус жаңы жугуп, мурда ооруп жаткандардын арасынан 8 адам көз жумду. Акыркы эки-үч айдан бери оору Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында көп жайылууда. Башка аймактарда деле абал кубантарлык эмес.

Бийлик баш калаага жана аталган эки облуска карантин чектөөлөрүн киргизүү маселесин карап жатат. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова 15-майда аталган аймактардын жетекчилерине эпидемиологиялык кырдаалга жараша кафе-ресторандардын, базарлардын, мектептердин, бала бакчалардын, коомдук транспорттун ишин чектөө чечимдерин убагында кабыл алууга чакырды.

Бишкекте учурда мектептер, бала бакчалар жарым-жартылай жабык. Аймактарда балдар окуу жылынын жарымынан тартып окууга бара башташкан.

Нурболот Үсөнбаев
Нурболот Үсөнбаев

Саламаттык сактоо министринин мурдагы орунбасары Нурболот Үсөнбаев илдеттин жайылышын эл көп катышкан иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүдө тийиштүү талаптар сакталбай жатканынан жана коомдогу кенебес мамиледен көрөт:

"Акылга сыя турган эле шарттар айтылып атпайбы. Беткап кийүү, аралыкты сактоо, той-аштарга аз адам чакырып, элди көп чогулткан иш-чаралар убактылуу өткөрүлбөй турса эле оору басаңдайт".

Үсөнбаев элди вакцина алууга чакырып, жалпыга маалымдоо каражаттарында эмдөөнүн пайдасы тууралуу макала-баяндарды көбүрөөк жайылтууну сунуш кылды.

Социалдык абалдын таасири

Өлкөдө коронавируска кабылгандар алгач 2020-жылдын мартында белгилүү болгон. Андан бери оору жуккандар көбөйүп, 16-майда расмий саны 100 473 кишиге жетти. Алардын 94 миңдейи сакайды. Бир жыл мурун жарыяланган өзгөчө кырдаал режими дагы эле сакталып жатканы менен ага көзөмөл байкалбайт.

Ал тапта 15-майда Бишкекте ондогон адам катышкан бийликти колдогон митинг, Ысык-Көлдө эл аралык марафон болуп, "Мен көчмөнмүн" деп аталган туристтик жармаңке башталды.

Медиа тармагында көз карандысыз эксперт Элан Абдыкеримов коомчулук коронавируска өтө эле кенебес мамиле кылып жатат дегенге кошулбайт. Ал катаал карантин чектөөлөрү өлкө экономикасына жана жарандардын социалдык абалына терс таасир этерин айтып, негизги күчтү вакцина алууга жана эрежелерди сактоого буруш керектигин белгиледи:

Элан Абдыкеримов
Элан Абдыкеримов

"Кыргызстандын көпчүлүк тургундары коронавирус жуктуруп алуудан коркот. Бул коркунучтуу дартка чалдыгып калбоого аракет кылып келатышат. Бирок өлкөдөгү экономикалык-саясий абалды эстен чыгарбашыбыз керек. Ансыз да кедей өлкөлөрдүн катарындагы мамлекет карантин учурунда оңой эмес зыянга кептелди. Калктын калың катмары күнүмдүк каражат тапкан жумуштарда иштешет. Алар катаал карантин шартында болгон акчасын жумшап, кыйналып калышты. Эми кезектеги карантинге баш ийүү өтө кыйын. Ооруга карабай көчөгө чыгышат, иштеп акча тапканга аракет кылышат. Ушундан улам кыргызстандыктар коронавирусту тоготпогондой көрүнүп жатат. Бирок чын-чынына келгенде, мындай мамиле – айласыздыктан болууда".

Абдыкеримов да Кыргызстандагы басылмаларда, социалдык тармактардагы баракчаларда эмдөөнүн пайдасы жөнүндөгү маалыматтар аздыгын сындады.

ДССУнун эскертүүсү

Медицина тармагындагы адистер вирус жугузгандар, дарыгерлерге кайрылбай үйдө ооруп жаткандар жана көз жумгандар расмий эсептен бир топ көп болушу мүмкүндүгүн божомолдошот.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Өкмөт эл аралык COVAX программасынын алкагында британ-швециялык "AstraZeneca" вакцинасы да келерин билдирген.

29-марттан бери өлкөдө 50 минден ашуун адам эмделди. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова эмдөө пункттарын эртең менен саат жетиден түнкү 11ге чейин тынымсыз иштетүүнү тапшырды. Вакцина алууга эч ким мажбурланбай, ыктыярдуу түрдө жүргүзүлүүдө.

12-майда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы коронавируска каршы күрөш үчүн 20 миллион доллар бере турганын билдирген. Министрдин айтымында, бөлүнгөн каражатка Кыргызстан кошумча кытай вакцинасын сатып алат.

Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус пандемиянын экинчи жылында былтыркыга караганда көбүрөөк адам өлүшү мүмкүндүгүн айтты. Мындай пикирин 14-майда Женевадагы брифингде билдирип, бай өлкөлөрдү коронавируска каршы вакцинаны жарды мамлекеттер менен бөлүшүүгө чакырды.

2019-жылдын аягында Кытайда аныкталган COVID-19 вирусу эки жүздөй мамлекетке жайылып, 163 миллионго жакын адамга жукту жана үч жарым миллиондой кишинин өмүрүн алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG