Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:26

Илдеттен өмүрү кыйылган тартип сакчылары


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир аптада катары менен өпкөcү кагынган эки милиция кызматкери каза болду. Ушуну менен пандемия башталгандан бери укук коргоо тармагында иштеген ондон ашуун адам көз жумду.

9-августта Алай райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Азамат Сыдыков пневмониядан каза болду.

Азамат Сыдыков 1989-жылы Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө, Кызыл-Жар айылында туулган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Жеңиш Аширбаев кызматташын мындайча эскерди:

Азамат Сыдыков.
Азамат Сыдыков.

«Ички иштер органдарынын катарына 2010-жылы ноябрь айында кабыл алынып, кызматын Ош ОИИБдин кайгуул-күзөт кызмат батальонунун милиционерлигинен баштаган. Андан соӊ Ноокат, Кара-Суу РИИБдеринде жашы жете электер менен иштөө инспектору, милициянын айылдык тескөөчүсү болуп иштеген. Жумушка кабыл алынып жатканда комиссияда мен да болгом. Абдан иш билги, билимдүү кызматкер экенин байкагам. Көп кырдуу талант эле. Сатира жазган, созолонтуп ырдаган адам болчу. Ал балдарга жакын эле, балдар да аны жакшы көрүп кабыл алгандыктан балдар инспектору болуп иштеген. Ушу тапта мектеп директорлорунан, ата-энелерден көңүл айткан, ыраазчылыгын билдирген каттар жетекчиликке келип жатат. Бир уул, бир кыздын атасы болчу. Ушундай мыкты кызматкерлердин эрте кетип жатканы өкүнүчтүү. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана өздүк курамы маркумдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат».

Бир күн мурун 8-августта милициянын отставкадагы полковниги Жаныш Азизов эки өпкөсү кагынып (пневмония) каза болду. Жаныш Азизов 1954-жылы Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. Эмгек тажрыйбасында ички иштер органдарында көп кызматтарда иштеген.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык ушу күнгө чейин иш учурунда илдетти жугузуп каза болгон кызматкерлер 19 адамга жетти.

Олег Запольский.
Олег Запольский.

Ал эми бүгүнкү күнү жалпы өлкө боюнча канча милиция кызматкери коронавируска чалдыкканы тууралуу так маалымат жок. Апрель айында вирус жуккан милиция кызматкерлеринин саны 70 кишиге чукулдаганы кабарланган.

Алгач 27-июнда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Олег Запольский ооруканага COVID-19 илдетинин симптомдору менен түшүп, мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

«Абайлагыла, беткап кийгиле!»

Андан көп узабай Бишкекте ооруканада жатып чөнтөк телефонуна жаздырган видеосу Интернетте тараган Бердибай Элакунов пандемияда каза болгон алгачкы милиция кызматкерлеринин бири болуп калды. 37 жаштагы Элакунов 29-июнга караган түнү Улуттук госпиталда пневмониядан каза болгон.

Бердибай Элакунов.
Бердибай Элакунов.

Бердибай Элакунов 2019-жылдын 29-майынан баштап ИИМдин Ленин райондук бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкери болуп иштеп жаткан. Артында жубайы, үч баласы калды.

«18-июндан баштап эле ооруп жаткан. «Тез жардам» кызматын чакырып тест тапшырсак таза чыккан. Бирок абалы жакшы эмес болчу. Ошентсе да «ишке чык» деп чакыртып алышты. Абалы ошол эле күнү оорлошуп, ИИМдин бейтапканасына алып барсак «карантин» деп албай коюшту. Ар кайсы жактан асма дары сайдырып жүрдүк. Өлөрүнө үч күн калганда ооруканага эптеп жаткырганбыз. Дарыгерлер «кычкылтек концентраторун, дары-дармектерди алып кел» дешти. Баарын алып барып бердим. Бирок үч күндөн кийин каза болуп калды. Ишин аябай жакшы көрчү. Мен аны ооруканага жаткыра албай кыйналганыма ушунчалык ызаландым. Күйөөм пандемия башталгандан бери кызматта эле. Эмне үчүн аларга шарт түзүп беришпейт?» - деп ызасын ортого салды жесири Мээрим Исаматова.

Каза болгон тартип сакчыларынын арасында милиция кызматкерлери, ИИМдин дарылоо борборунда иштеген дарыгер жана Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлор да бар.

«Экөөбүз башкача түгөйлөр элек. Көбү бизди «эгиз козудай окшошсуңар» дешчү»

Журналист Хулькар Исамованын күйөөсү Улукбек Умаров Ош шаарынын Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын улук инспектору, милициянын капитаны болчу.

Умаров 9-июлда коронавирустун кесепетинен көз жумду. Аялы Хулькар экөө таанышкандан тартып чогуу өмүр сүргөн күндөрүн эскерди:

Улукбек Умаров.
Улукбек Умаров.

«Улук экөөбүз жолдо таанышканбыз. Аны көргөндө оозумдан сөзүм түшүп калды. Узун бойлуу, келишимдүү инспектор болчу. Экөөбүз бирге жашаган 14 жыл ичинде ал мага чексиз сүйүү тартуулады. Майрамдарда көңүлүмдү көтөрүп турганды жакшы көрчү. Бардык чечимди бирге кабыл алчубуз. Ал мени менен, мен аны менен дайыма кеңешип турар элек. Экөөбүз ар кандай темаларда токтобой сүйлөшүп отура берчүбүз. Ал камкор ата эле. Уулум үйлөнгөндө аталык милдетин мыкты аткарган. Кийин неберелүү болуп жатканда мен иш сапарында элем, Улук уулумдун жанында болду. Неберелерибизге Рамзан, Сафия деп өзү ат койгон эле».

Пандемия шартында Кыргызстандагы Бишкек баштаган төрт шаар менен төрт райондо өзгөчө абал жарыяланып, күч органдары күчөтүлгөн шартта иштеген. Коомчулукта тартип сакчыларынын иштөө шарты, кошумча акчасы кызуу талкууга алынган. Ошондой эле өзгөчө абал шартында иштеген милиция кызматкерлерине кошумча төлөм берүү боюнча маселе Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөрүлгөн.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлерине кошумча төлөмдөр бир ай мурун төлөнгөнүн билдирди. Мыйзамга ылайык казармалык шартта кызмат өтөгөндөрдүн маянасына дагы бир айлыкка тең сумма кошулуп берилген.

Жеке коопсуздугу үчүн атын атагысы келбеген милиция кызматкери Бишкек шаарында жарым жылдан бери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын айтты. Жаз айларында ал үй бетин көрбөй, күнү-түнү шаар аралап, коомдук тартипке көз салып тургандардын бири. Тартип сакчы убагында коргонуу каражаттары жетишсиз болгонун, кошумча акы текши төлөнүп берилбегенин билдирди:

«Милиция кызматкерлерине акча төлөндү. Бирок күзөт кызматкерлери акча албай калдык. Башка бардык бөлүмдөргө таратылып берилди. Бирок биз өз өмүрүбуздү тобокелге салып иштеп жаттык. Арабызда оору жугузуп алгандар көп. Алардын көбү иш учурунда ооруп калышкан. Жакындарын, балдарын тобокелге салып үйлөрүнө кетишти. Дарылануу үчүн каражатты, дары-дармектин чыгымын да өздөрү көтөрүштү».

Өкмөт буга чейин иш учурунда COVID-19 жугузуп алган медкызматкерлерге 200 миң сом, каза болгондордун жакындарына бир миллион сомдон бир жолку акчалай кенемте берилерин билдирген. Бирок ооруну жугузуп алып каза болгон милиция кызматкерлери тууралуу сөз козголо элек.

ИИМдин байкоочу кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов бул маселе жакын арада көтөрүлөрүн билдирди:

Ялкун Даутов.
Ялкун Даутов.

«Пандемия шартында иштеген милиция кызматкерлеринин бир топ кыйынчылыктары болду. Коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги, тамак-аштын, транспорттун тартыштыгы... Биз ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен баарлаштык. Алар жумуш оор экенин, өзгөчө абал учурунда иштери эки эсе көбөйгөнүн, ушуга чейин тынбай иштеп жатканын айтышты. Абал турукташса, милиция кызматкерлерине да кенемте акча төлөө маселесин көтөрөлү деп жатабыз. Ошол эле кезде быйыл элдин милицияга болгон ишеними өскөнүн баса белгилесек болот».

«Азаттыктын» «Пандемия кимди жоготтук?» тизмесине укук коргоо тармагында мурда иштеп кеткен 15 адам жана пандемия учурунда иштеп жүрүп каза болгон 13 милиция кызматкери тизмеге кошулган:

27-июнда Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Олег Запольский ооруканага COVID-19 илдетинин симптомдору менен түшүп, мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. 39 жаштагы подполковник Запольскийдин эмгек жолу 2004-жылы Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинде катардагы кызматкерликтен башталган.

28-июнда баштап ИИМдин Ленин райондук бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкери Элакунов Бердибай пневмониядан каза болду. Ал ички иштер органдарындагы эмгек жолун 2010-жылы баштаган.

30-июнда ИИМдин Оштогу дарылоо борборунун ординатор дарыгери Жамал Тазабекова да коронавирус жуккандан кийин көз жумган.

4-июлда ИИМдин күзөт кызматынын Октябрь райондук бөлүмүнүн башчысы Айбек Баеков өпкөсүнөн кагынып каза болгон. Маркум Конституциялык сотту узак жылдар жетектеген судья Чолпон Баекованын уулу эле.

9-июлда Ош шаарынын жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын улук инспектору, милициянын капитаны Улукбек Умаров коронавирустун кесепетинен көз жумду.

10-июлдун таңында Азамат Раимбердиев дүйнөдөн кайткан. Ал ИИМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын кадрлар бөлүмүнүн майор наамындагы улук инспектору болчу.

12-июлда ИИМдин Кара-Буура райондук бөлүмүнүн эксперт-криминалисти Мирлан Калыбаев пневмония дартынан каза болду.

13-июлда коронавирустун кесепетинен ХасанАбдуллаев каза болду. Ал ИИМдин Баткен шаардык күзөт бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жаткан.

16-июлда АлмазбекАрыкбаев эки өпкөсүнөн кагынып (пневмония) каза болгон. Ал Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери болчу. Өмүрүнүн 28 жылын милиция кызматына арнаган. Баткен окуясынын баатыры эле.

19-июлда 32 жашында Чыңгызбек Оморов коронавирустан улам көз жумган. Ал Ош шаарында жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгында иштеп келген.

8-августта милициянын отставкадагы полковниги Жаныш Азизов, 9-августта Алай райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Азамат Сыдыков пневмониядан каза болушту.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG