Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:37

Милициянын санааркаткан коопсуздугу


Кыргызстанда 12 милиция кызматкери коронавируска чалдыкты. Алардын бири оор абалда реанимацияда жатат.

23-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жугузуп алган жаңы 19 учур катталып, ооругандардын саны 631 адамга жетти. Обсервацияда жаткандардын саны миңден ашып, жалпысынан сегиз адам каза болду.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргызстан коронавирустун жайылышынын туу чокусуна жетип калганын жана 302 адам оорудан айыгып чыкканын билдирди:

«Бүгүн 48 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Кайра 19 кишиден коронавирус табылды. Сакайып чыккандар менен ооруну жугузгандардын ортосундагы айырмачылыктан улам адис катары коронавирустун бийик чегине жетип калдык деп ойлойм».

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, илдетке чалдыккандардын 12си ички иштер органдарынын кызматкерлери. Бир милиция кызматкери реанимацияда жатат. Министрлик баштапкы териштирүү ал кызматкер жумуш учурунда оору жуккан бейтап менен контактта болушу ыктымал экенин кабарлады. Бул жагдай тартип сакчыларын жана алардын жакындарын кооптондуруп турган кези.

Карантинде жаткан Кой-Таштагы аскердик бөлүктүн кызматкери атын атабай, азыркы кырдаалдагы абалын айтып берди:

«18 күн күнү-түнү пост турдук. Андан кийин 200гө жакын адамды обсервацияга жаткырышты. Нөөмөттө турганда үйүбүзгө бир да жолу барган жокпуз. Иш учурунда болушунча коргонуучу каражаттарды кийип, элден оолак иштегенге аракет кылдык. Үй-бүлөмдү көрө элегиме бир ай болду. Эки кызым бар, аларды абдан сагындым. Кесиптештерибиз тууралуу угуп биз деле кооптонуп жатабыз. Азырынча бизден анализ алыша элек».

Көчөдө кызмат өтөп жаткан милиция кызматкери Айбек саламаттыгы үчүн кооптонгонуна карабай милдетин аткара берерин айтты:

«Бул биздин жумуш, милдет. Ошон үчүн кызмат кылышыбыз керек. Эми болушунча өзүбүздү сактап жатабыз. Бирок буйруганын көрөбүз да. Мен көчө кыдырып элди текшерем. Бир жарым айдан бери жалгыз жашап, үйүмө бара элекмин. Колуктум кош бойлуу. Аны аябай сагындым».

Коомчулукта өзгөчө абал шартында иштеп жаткан күч кызматкерлерине мамлекет тарабынан жетиштүү камкордук көрүлбөгөнү, алардын жеке коргонуу каражаттары, тамак-аш менен камсыздоосу жолго коюлбаганы айтылып, сынга алынып жатат. Социалдык тармактарда алардын бир автобуска жык толуп бара жатышканы тартылган сүрөт, тасмалар кызуу талкууга түшкөн.

Жолдошун эки жумадан бери көрө элек Нарын облусунун тургуну Аймира өкмөттөн милиция кызматкерлеринин абалына, коопсуздугуна көңүл бурууну суранды:

«Кызым менен үйдө отурам. Күйөөмдү карантин башталгандан бери көрө элекмин. Ал азыр мектепте жашап жатат. Өкмөттөн алардын коргонуу каражаттарына көңүл бурууну талап кылат элем. Жолдошума же бизге жукса эмне болот? Алардын беткабы жука, сапаттуусун алып беришсе жакшы болмок».

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус менен күрөшүүгө тартылган ички иштер органдарынын кызматкерлерин жеке коргонуучу каражаттар жана башка зарыл болгон жабдыктар менен камсыз кылыш керек экенин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 23-апрелде ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алганда айтканын президенттин аппараты маалымдады.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өлкө аймагындагы блокпостторго күн сайын беш миңден ашуун милиция кызматкери жана 500 транспорт каражаты тартылып жатат. Ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыз кылыш үчүн республиканын шаарлары менен райондорун күн сайын миңден ашуун милиция кызматкери күзөтүүдө.

Ички иштер министрлигинин байкоочу кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов күч түзүмдөрүнүн үнүн өкмөткө жеткирген профсоюз уюму жоктугун билдирди:

Ялкун Даутов.
Ялкун Даутов.

«Биз байкоочу кеңештин өкүлдөрү көчөлөрдө кызмат өтөп жаткан кызматкерлердин абалы менен таанышып, аларга тамак-аш, коргонуучу каражаттарды алып барып келдик. Чынында алардын муктаждыктары көп. Ошол эле учурда тартип сакчыларынын укуктарын коргоп, алардын маселелерин өкмөткө, парламентке жеткирип турган профсоюздук уюм жок. Азыр алар деле дарыгерлер сыяктуу оор шарттарда иштеп жатышат. Ошол себептен маянасына кошумча төлөмдөр болсо жакшы жардам болмок».

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин имаратын кайтарган милиция кызматкеринде коронавирус аныкталган. Илдетти жугузуп алган кызматкерлер Ички иштер министрлигинин Аскердик кызматынын саламаттыкты бекемдөө борборунда ачылган обсервацияга жайгаштырылат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG