Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Өзгөчө абалдын өктөм чаралары


Сокулук районунда турган тартип сакчылары. 25-март, 2020-жыл
Сокулук районунда турган тартип сакчылары. 25-март, 2020-жыл

Кыргызстанда 25-марттан тарта үч шаарда жана үч райондо өзгөчө абал режими иштей баштады. Бул аймактарда саат кечки 8ден эртең мененки 7ге чейин коменданттык саат болот.

Бул убакта бардык адамдардын, автоунаалардын кыймылына толук тыюу салынат. Болгону дарыгерлер, милиция жана айрым мамлекеттик мекемелердин кызматкерлердин кыймылына гана уруксат берилет.

Өзгөчө абал учурунда коомдук транспорттун бардык түрүнө, анын ичинде такси кызматына да тыюу салынды.

25-мартка карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган эки жаңы учур катталды. Экөө тең эркек, бири 60 жашта, экинчиси 35те.

Президент: тартипке баш ийбегендер жазаланат

Өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков 25-мартта элге кайрылуу жасады. Мамлекет башчысы Кыргызстан дүйнөдө коронавирус инфекциясы тарай баштаганда эле кырдаалды көзөмөлгө алганын, бул маселе анын жеке көзөмөлүндө экенин айтты. Жээнбеков жарандарды өзгөчө абалдын шарттарын так аткарууга чакырып, тартипке баш ийбегендер жазаларын билдирди.

«Дүйнө жүзүндө вакцина табуу үчүн тынбай изилдөөлөр жүрүп жатат. Бирок, азыр коронавирус илдетине каршы бир гана эффективдүү каражат бар. Бул тартип, биримдик, санитардык-гигиеналык талаптарды так сактоо. Бүгүнкү чоң сыноо келген күндөрү тартипти сактоо — ар бирибиздин атуулдук милдетибиз. Өзүңдүн гана эмес, мекендештериңдин, балдарыңдын ден соолугу, өмүрү, келечеги үчүн, жалпы коомдун саламаттыгы үчүн жоопкерчилик. «Бул илдет мага келбейт, сактанбай деле койсом болот» деген кенебестикке жол берүүгө укугубуз жок. Үйдөгү карантин эрежесин да бекем сактаңыздар. Ким бул талаптарды аткарбаса — өзүнө гана эмес, жалпы элге жасаган кыянатчылыкка барган болот. Мындай жоопкерсиздикке каршы катуу жаза колдонулат», - деп айтылат мамлекет башчынын кайрылуусунда.

Кимдер көчөдө жүрө алышат?

Коронавируска байланыштуу 25-марттан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө абал тартиби иштей баштады.

Мындай абал 15-апрелде саат 8:00гө чейин күчүндө болот. Бул убакытта жарандарга бир нече чектөө киргизилди.

Өзгөчө абал режиминде үч шаарда жана үч райондо саат кечки 8ден эртең мененки 7ге чейин коменданттык саат болот (түнкү убакыт). Коменданттык саатта адамдардын, автоунаалардын кыймылына толук тыюу салынат. Бул убакта көчөдө жүргөндөрдү милиция тек-жайын жана көчөдө жүрүү себебин аныкташ үчүн чектөө убактысы бүткөнгө чейин убактылуу камакка алат. Ошол жердин тургуну болбосо коменданттык аймактан сырткары чыгарылат. Тек-жайы аныкталбагандар камалат.

Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев коменданттык саатта кимдерге уруксат берилгенин түшүндүрдү.

Алмазбек Орозалиев.
Алмазбек Орозалиев.

«Өкмөт жумушка барчулардын тизмесин бекитти. Анда өтүүгө уруксат берүүчү документи бар милиция, медициналык жана мамлекеттик кызматкерлер жүрө алат. Алардын катарында азык-түлүк саткандар, дарыкананын кызматкерлери да бар. Калгандар үйдөн иштеши керек».

Маршруттук баракча деген эмне?

Өзгөчө абал киргизилген аймакта жашагандар саат эртең мененки 7ден кечки 8ге чейин дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу үчүн жана медициналык мекемеге баруу деген үч гана себеп менен көчөгө чыга алат.

Жогорудагы себептер менен чыга турган болсоңуз жаныңызда маршруттук баракча жана тек-жайыңызды тастыктаган документ колуңузда болууга тийиш. Баракчада төмөнкү маалыматтар болушу керек.

This image contains sensitive content which some people may find offensive or disturbing.
Маршруттук баракчанын үлгүсү.
Маршруттук баракчанын үлгүсү.

- Аты-жөнү;
- Телефон номери;
- Үйдөн чыккан себеби;
- Чыккан убактысы;
- Кайткан убактысы;
- Жашаган жери;
- Бара турган жери.
Анкетаны колго толтурса болот.

Дагы кимдерге чектөө жок?

Күндүз өзгөчө абал режими киргизилген аймакта каттоосу барлардын жана жашоо-тиричиликке, стратегиялык жана башка мамлекеттик объектилердин ишмердүүлүгүнө тартылган автоунаалардын жүрүшү чектелбейт.

Андан тышкары тамак-аш, азык-түлүктү, дары-дармек жана медицина каражаттарын, күйүүчү-майлоочу материалдарды, газ баллондорду өндүрүүгө, ташууга жана сатууга уруксат берилди.

Мындай ишмердүүлүк саат эртең мененки 7ден кечки 8ге чейин өндүрүштүк жана соода түйүндөрүндө, азык-түлүк павильондорунда, дүкөндөрдө, базарларда, ири соода түйүндөрүндө, дарыканаларда жана май куюучу жайларда жүргүзүлөт. Ошондой эле коммерциялык банктар жана турак жай-коммуналдык чарба кызматтары тейлөө ишмердүүлүгүн жасай берет.

Жумушчулар жетекчиси күбөлөндүргөн маалымдаманын негизинде, алдын-ала аныкталган багыт боюнча, ишкананын машинеси менен гана жүрө алат.

Өзгөчө абал киргизилген аймакка жергиликтүү каттоосу жок жарандардан башкаларга кирүүгө тыюу салынды. Мисалы, сиз Бишкекте жашап, бирок каттооңуз шаарда болбосо, Бишкектен башка аймакка чыга аласыз. Бирок борборго кире албайсыз. Кишилердин айыл-аймактарга каттоосун көзөмөлдөш үчүн Бишкектин тегерек четинде 41 блок-пост орнотулду. Аларда Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкерлери күзөттө турат. Бишкектин ичине аскерлер киргизилген жок.

Азиз Алымкулов.
Азиз Алымкулов.

«Көп адамдар «биз Бишкекте жашайбыз, бирок паспорт боюнча каттообуз башка облустарда. Эмне кылабыз?» деп сурап жатышат. Алар жашап жаткан жеринен ошол жерде жашайт деген тастыктама алыш керек. Дагы бир маселе шаардан тышкары Чүй облусунда жашап, бирок Бишкекте иштеген адамдар бар. Алар шаарга кирип-чыгыш үчүн иштеп жаткан жеринен тастыктама алышы керек. Муну ошол мекеме жетекчиси камсыз кылат. Эгерде тастыктамасы жок болсо биз ал кишилерди киргизе албайбыз. Бишкекте иштин баары 20:00дө токтотулушу керек. Шаар ушул убакта жабылат, Бишкекте эч ким болбош керек. 20:00дө коменданттык саат башталат, милиция кызматкерлери көчөдө жүргөндөргө чара көрө баштайт», - деди Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов.

Ал эми ооруканага келаткандар, жаназага байланыштуу эки жакка каттоого мажбур болгондор өзгөчө абал киргизилген аймактарга коё берилет.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров эрежеге баш ийбегендерге катуу чаралар колдонуларын эскертти:

«Сурана турган убак өттү. Эми мындан ары үйдөн чыксаң таяк жейсиң, түрмөгө да түшөсүң, изоляция да болосуң. Аскерлерге атып салганга да уруксат берилет. Азыр саат 7ден кечки 8ге чейин коменданттын сөзүн так аткарышыбыз керек. «Ойнойм, менин атам чоң, өзүм билем» дегендер токтойт. Эми буйрук берет, аткарбасаң атат. Буга чейин суранып келгенбиз. Мындан ары мажбурлай турган система ишке аша баштады».

«Мыйзам эскирди»

Адамдардын көчөдө жүрүүсүнө саат кечки 8ден таңкы 7ге чейин толук тыюу салынып жатат. Күндүз айрым муктаждыктар үчүн көчөгө чыгышына чектөө коюлууда. Бийлик бул коронавирустун жайылышын алдын алат деп ишенип жатат.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаев чектөөнү дагы күчөтүш керектигин жана «Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзамды өзгөртүү зарылдыгын көтөрдү.

«Жумушу жокторду күндүз да эшикке чыгарбаш керек. Жумушка баргандардын маршрутун жазып, анын убактысын да белгилеш керек. Вирус күндүзбү же кечиндеби баары бир да. Күндүз вирусту көчөдөн жуктуруп, кечинде үйгө алып барсаң анын эмнеси коменданттык саат? «Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзам эски. Ага 2008-2011-2012-жылы өзгөртүү кирген. Бирок ал өзгөртүү тынч заманда кирген. Азыркы апаат болуп, ажал 100 миңдеген кыргызстандыктын башына кылычын алып келет деп ойлогон эмес. Ошондуктан анын көп жери бүгүнкү кырдаалга туура келбейт. Парламент керек болсо бир түндүн ичинде мыйзамды өзгөртүп, кечиктирилбестен президентке кол койдуруш керек».

Кыргызстандын эгемендик тарыхында өлкөдө 2005-жылдагы март, 2010-жылдагы апрель ыңкылаптарында, 2010-жылы июнь айында Ошто өзгөчө абал киргизилген. Пандемияга байланыштуу биринчи жолу өзгөчө абал жарыяланып жатат.

Өзгөчө абал коронавирусту токтотобу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:58:20 0:00

Коомдук транспорт токтотулду

Өзгөчө абал режими кирген аймактарда бардык коомдук транспорттор, анын ичинде такси кызматтарына жана жүргүнчү ташыган жеке таксилердин да ишине тыюу салынды. Ага карабай эл ташып жаткан таксисттерге чара көрүлөрүн Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.

«Айдоочулар эскертүүлөргө карабай дагы эле ишин уланта берсе, мыйзам чегинде чара көрүлөт. Алардын автоунаалары айып токтоочу жайга киргизилип, өздөрүнө мыйзамда жазылган негизде чара көрүүгө мажбур болобуз».

25-мартка карата өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 44 болду. Ош облусунда 20 учур, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир, Баткен облусунда бир учур.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG