Өзгөчө абал коронавирусту токтотобу?
Кыргызстандагы Бишкек шаары баштаган бир катар аймактарында коронавируска байланыштуу 25-марттан тарта өзгөчө абал режими киргизилди. 24-мартка карата өлкөдө жугуштуу илдетти жугузуп алгандардын саны 26 адамга көбөйүп, жалпы 42 адамга жетти. Кыргызстанга киргизилген өзгөчө абал режимининин тартиби кандай болот? Дүйнөдө тарап жаткан коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана кесепетин азайтуу үчүн кандай чаралар көрүлүш керек? Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров, парламенттин мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаев, өлкөнүн башкы пульмонологу Талант Сооронбаев жана Германиядагы Бад Херсфильд шаардык клиникасынын дарыгери Уран Камчыбеков катышты.
Чыгарылыштар
-
Апрель 30, 2026Евробиримдиктин санкциясы Кыргызстанга эмнеге кооптуу?
-
Апрель 29, 2026Ташиевге кылмыш иши козголду. Окуя кандай өнүгөт?
-
Апрель 22, 2026Күч органдары ачык-айкындуулук менен адискөйлүктөн алыспы?
-
Март 16, 2026Ташиевдин отставкасынан кийинки саясий жүрүштөр
-
Февраль 26, 2026Жогорку Кеңештеги жүрүш: үч депутат мандатын тапшырды