Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 11-апрель, 2020 Бишкек убактысы 01:08

Жабылган ишканалар, жабыккан жумушсуздар


Тигүү цехтеринин бири.

Коронавирус илдетинин жайылуу коркунучунан улам көптөгөн ишканалар карантинге жабылып, жумушсуз калгандардын маселеси кандай чечилери азырынча белгисиз.

22-марттан тартып Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланып, дарыкана, азык-түлүк дүкөндөрү сыяктуу күнүмдүк тиричиликке зарыл жайлардан башка ишканалардын көпчүлүгү карантинге жабылды.

Ал арада көпчүлүк чакан ишканалар жумушчуларын акы төлөнбөгөн эс алууга жиберүүгө мажбур болушту. Бишкек жана Ош сыяктуу ири шаарлардагы тигүү цехтеринде миңдеген кыз-келиндер иштечү. Ишканалар жабылып, эми алар үйдө отурууга аргасыз.

Бишкектеги тигүү цехиндеги технолог-адис Гүлзада Бекматова буюртмалар түшүп турган шартта көпчүлүк тигүүчүлөр иштегенге мажбур экенин белгиледи:

«Азырынча көпчүлүгү коркуп, жумушка чыга албай отурат. Бирок ашып барса, үйлөрүндө бир жумадай эле отура алышат. Анткени акчасы түгөнгөн соң алардын көбү цехке келип иштегенге мажбур. Алар ишти уланта берүүнү суранып жатышат. Бирок биз мындай шартта тилкат жазып берүүнү талап кылабыз. Анткени алардын коопсуздугуна кепилдик бере албайбыз. Аларды да түшүнсө болот. Анткени цехте иштеп, ошондон тапкан кирешесинин эсебинен гана балдарын багып жүргөндөр көп. Ишкана жабылганда «Эми мындан ары кантип жашайбыз, кантип балдарды багабыз?» деген адамдар көбөйдү. Азыркыдай абал канчага созулары белгисиз».

Кыргызстанда тигүү цехтеринин саны болжол менен 100 миңге жакын экени айтылып жүрөт. Тигүү цехтеринин саны так болбой жатканы алардын көпчүлүгү мамлекеттик органдарда каттоого турбай, көмүскө иштеп келгени менен байланыштуу экени мисалга алынып жүрөт.

Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Эркин Асрандиев курулуш тармагы сыяктуу эл көп чогулбай иштей турган ишканалар санитардык нормаларды сактаган шартта алардын иштешине тоскоолдук жок экенин айткан жайы бар:

Эркин Асрандиев.
Эркин Асрандиев.

«Өзгөчө кырдаал убагында азык-түлүк дүкөндөрү, базарлар, дарыканалар, банктар, май куюучу жайлар сыяктуу күнүмдүк керектелүүчү товарлар жана тейлөө менен иштеген ишкердиктин түрлөрү ишин үзгүлтүккө учуратпайт. Ошондой эле курулуш объектилери, энергетика, газ жана коммуналдык чарба кызматтары толук иштейт. Ошол ишкердик жайларында санитардык ченемдер сакталып, байма-бай дезинфекциялоо иштери жүрүп турууга тийиш».

Бирок муну биринчи вице-премьер-министр айрым чөлкөмдөрдө өзгөчө абал жарыялана элек кезде билдирген болчу. Өзгөчө абал жарыяланып, коменданттык саат киргизилген шартта өндүрүштүк ишканалардын кайсыларына иштөөгө уруксат бериле турганы жана кайсыларына чектөө киргизилери азырынча белгисиз.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев өзгөчө абалдын шартына ылайык, көп адам иштей турган мекемелердин ишине чектөө салына турганын түшүндүрдү:

Райымберди Дүйшөмбиев.
Райымберди Дүйшөмбиев.

«Жарлыктын негизинде дайындалган коменданттардын өздөрүнүн тиешелүү буйруктары чыгарылып, тиешелүү көрсөтмөлөр берилет. Ошолордун негизинде жана мыйзамдарды жетекчиликке алуу менен өзгөчө абал тартиби сакталат. Режимди сактоого тартылган куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкерлери коюлган тапшырмаларды аткарышат. Биздин аскер кызматкерлери айтылган убакта ошол жерлерде күнү-түнү блокпосттордо кызматын аткарат. Бардык зарыл деп табылган кошумча чаралар тиешелүү коменданттар аркылуу чечилет. Анткени өзгөчө абал жарыяланган чөлкөмдөрдөгү кырдаал үчүн коменданттар жооптуу». ​

Кризистен жол тапкандар

Ошол эле кезде азыркы жагдайга ыңгайлашып, өндүрүш багытын өзгөрткөн ишканалар да пайда болду. Мурда аялдардын кийимдерин тигүүгө адистешкен Кара-Балта шаарындагы тигүү ишканасы жакындан бери беткаптарды жана коргоочу кийимдерди тигип, чыгара баштады

Ишкананын башчысы Зухра Кемелбекова аларда жумушчу орундары кыскармак турсун, тескерисинче, көбөйүп жатканын айтты:​

«Биздин ишканада 110 адам иштейт. Биз өндүрүштүн багытын өзгөртүп, атайын коргоочу костюмдарды жана беткаптарды тигип жатабыз. Беткаптар Жапониядан келген беткаптын бычымынын негизинде иштелип чыгып, колго тигип жатабыз. Коргоо мүмкүнчүлүгү мыкты болуш үчүн биз беткаптар менен коргоочу кийимдерди үч кабат кылып тигип, өндүрүштөн чыгарып жатабыз. Биздин өндүрүш Кара-Балта шаарында жайгашкан. Бишкекте өзгөчө абал кирсе, тигүү материалдарын шаардан сатып алуу жана даяр товарларды ал жакка жеткирүү жагы кандай болот деп ойлонуп жатабыз. Ал эми коргоочу кийимдер менен беткаптарга суроо-талап күндөн күнгө көбөйүүдө. Биз суроо-талапты канааттандырыш үчүн өзгөчө абалдын шартында иштегенге кандайдыр бир уруксат берүүчү чаралар болсо дегенбиз. Бирок эми бул маселе кандай чечиле турганын билбейбиз».

Буга чейин антикризистик пландын алкагында экономикалык каатчылык учурунда калктын аялуу катмарына социалдык көмөк көрсөтүү боюнча өкмөткө сунуш берилген.

Социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровго кайрылып, калктын аялуу катмарына бериле турган жардамдын көлөмү жана шарттары тууралуу суроо берип, бирок тиешелүү жооп ала алган жокпуз.

Өкмөт коронавирус илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу социалдык-экономикалык каатчылыкты жөнгө салуу чараларын иштеп чыгып, жакында жарыялай турганы айтылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG