Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Өзгөчө абал: аймактардагы кырдаал


Жалал-Абад шаары. 24-март, 2020-жыл.
Жалал-Абад шаары. 24-март, 2020-жыл.

24-марттан тартып Жалал-Абад шаарына кирүүгө чектөө коюлду. Калаанын негизги көчөлөрүнө коюлган блокпосттордон сырттан келгендерди киргизбей, шаардыктарды сыртка чыгарбай жатышат.   

Шаардын күн чыгыш тарабына коюлган Куркура блокпостунда 24-марттын таңынан тартып машинелердин тыгыны жана жөө жүргүнчүлөрдүн кезеги пайда болду. Абалдан кабары жоктор башка облустардан да келишкен.

Шаарга жакын жайгашкан Сузактын тургуну Абдыманап Калыков калаага азык-түлүк сатып алганы келип, бирок өтө алган жок.

Абдыманап Калыков.
Абдыманап Калыков.

«Комсомол айылында жашайм, - дейт ал. - Азык-түлүккө балдар акча салган экен, банкка бараткам. Базарлыкты да шаардан кылабыз. Бийликтин айтканын аткарып үйдө эле отурабыз, тамак-аш түгөнгөнүнөн базарга бараткам. Сузак районунун борборуна баралы десек машрутка же такси жок. Бизге шаарга кирип чыккан ыңгайлуу. Үйдө неберелерим бар».

Абдыманап карыя сыяктуу шаарга кире албагандар бир топ болду. Арасында жумушка, ооруканага, базарга бараткандар бар.

Жалал-Абад шаарындагы блокпосттордун бири. 24-март, 2020-жыл.
Жалал-Абад шаарындагы блокпосттордун бири. 24-март, 2020-жыл.

Жалал-Абад шаарынын негизги үч көчөсүнө блокпосттор коюлган. Мындан сырткары тар көчөлөргө күзөт уюштурулган. Шаар мэри Мураталы Тагаев мындай чечим шаардыктардын саламаттыгы үчүн кабыл алынганын айтты:

Мураталы Тагаев.
Мураталы Тагаев.

«Мындан ары бир да адамды себепсиз өткөрбөйбүз, шаарга бир да машинени киргизбейбиз. Бул маалыматты 23-марттан бери жалпы коомчулукка айтып келатабыз. Азык-түлүк, ун, дары-дармек ташыган машинелер кезексиз өткөрүлөт. Мындан сырткары шаардагы өндүрүш ишканаларында эмгектенген кызматкерлер да атайын уруксат менен киргизилет. Адамдар айткан эскертүүлөргө кулак салбай, каттам токтобой жаткандыктан ушундай чечим кабыл алганбыз».

24-мартан тартып шаардагы калкты тейлөө борбору, коомдук тамактануучу жайлар жабылды. Коомдук транспорттор токтотулуп, эки автобус дарыгерлерди акысыз ташып жатат.

Жалал-Абад шаары. 24-март, 2020-жыл.
Жалал-Абад шаары. 24-март, 2020-жыл.

Коронавирус менен күрөш боюнча республикалык штабдын 24-марттагы маалыматы боюнча, дагы 26 адамдан коронавирус табылды. Ошентип өлкө боюнча коронавирусту жуктургандардын саны 42 болду. Алардын ичинен тогузу Сузак, экөө Ала-Бука райондорунан.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков изоляцияга алынгандар 23-мартта көбөйгөнүн айтты:

Ырысбек Ызабеков.
Ырысбек Ызабеков.

«Сузак, Аксы, Ала-Бука райондоруна өзгөчө көңүл бурулуп, күчөтүлгөн тартипте иштер жүрүүдө. Көчмө лаборатория 24-марттан тартып анализ ала баштады. Азыр 94 адамдан алынды, анын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Шаардагы оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 23 адам дарыланып жатат. Мындан сырткары Ала-Бука районунда үч, Аксыда бир адам изоляцияга алынган. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө жаткан 71 жаштагы аксакалдын абалы салыштырмалуу туруктуу. Коронавирус аныкталган ал кишинин башка өнөкөт оорулары да козгоп, абалы оорлошкон болчу».

25-марттан тартып Жалал-Абад шаарына жана Сузак районуна өзгөчө абал киргизилет. Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы Жеңишбек Жоробеков Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты болуп иштейт. Бул аймактарда саат кечки сегизден эртең мененки саат жетиге чейин көчөдө себепсиз жүрүүгө толук тыюу салынат. Бирок өзгөчө абал учурунда азык-түлүк сатылуучу дүкөндөр, дарыканалар, банктар жана тиричилик кызматтары иштей берет.

Расмий маалыматка ылайык Жалал-Абад шаарында 119 миңдей, Сузак районунда 300 миңге чукул адам жашайт.

Жалал-Абадда блокпосттор коюлду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:18 0:00

Ош шаарында жыйын өттү

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев жыйында жергиликтүү элдин, талаада эмгектенген дыйкандардын талабы эске алынарын билдирди.

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты болуп дайындалды. Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров буларды айтты:

«Кыргызстандын башка аймактарына коронавирусту жайылтпоо максатында комендантка бардык каражаттарды жана күчтөрдү берип, ага толук баш ийүү менен ар тараптан көмөк көрсөтүлсүн».


24-мартта ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев коменданттык саат кечки сегизден эртең мененки саат жетиге чейин болорун айткан. Анда көчөдө себепсиз жүрүүгө толук тыюу салынат. Коменданттык сааттын шартына ылайык адамдар жөө да, автоунаа менен да ары-бери жүрө албайт. Шартты бузгандарды милиция кармап кетүүгө укуктуу экени эскертилген.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Ош шаарында 1071 адам обсервацияда жатканын билдирди. Алар экспресс-лабораторияда текшерилип, анализи таза чыккандар үйүнө жөнөтүлүп, үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат.

Мадамин Каратаев обсервацияда жаткан адамдарды коронавируска текшерүүдө медицина кызматкерлери жетишпей жатканын кошумчалады:​

«Коронавирусту жайылтпоо максатында биз 2026 адамдан анализ алганбыз. Алардын 877си калды. 1149 адамдын анализи чыкты. Ошто обсервацияда жаткандарды экспресс-тест менен текшерип жатабыз. Анын жыйынтыгы 20 мүнөттө чыгат. Андан кийин дагы бир текшерүүдөн өтөт. Анын жыйынтыгы таза чыкса гана үйүнө чыгарылып, ал жакта да дарыгердин көзөмөлүндө болот».

Бейтаптар Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустук, Ноокат аймактык ооруканаларында жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG