Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Индия: жампадан даба издеткен аргасыздык


Индияда коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 250 миңден ашты. Ал арада өлкөдөгү карапайым эл уйдун жампасын "инфекцияны жеңет" деген ишеним менен сүйкөнүп жатышат. Дарыгерлер мындай ыкма тескерисинче зыян экенин эскертишти.

Индияда коронавирустун экинчи толкуну февраль айында башталган. Учурда ооруканалар бейтаптарга толуп, крематорийлер менен өлүкканага сөөк батпай калганы кабарланууда.

Ооруканаларда керебет, дары жана кычкылтек концентратору тартыш. Дарыгерлер жетишпей, жакындарын көтөрүп алып, арга издеген адамдарды дээрлик бардык жактан көрүүгө болот.

"Бир да дарыгер келген жок. Кандай дары беришти да эч ким айтпайт. Биз өзүбүз кычкылтек баллонун таап келүүгө мажбурбуз. Аны алмаштырыш керек болсо он жолу барып айтмайынча, эч ким эч нерсе кылбайт", - деди жакынын карап жаткан Аман Сингх.

Шаардагы автоунаа коюучу жайлар адамдын сөөгүн өрттөгөн аянтчаларга айланып, отуну жок кембагалдар жакындарынын сөөгүн Ганг дарыясына ыргытууга аргасыз болууда. Адистер Индияда коронавирустун экинчи толкунунун туу чокусу качан болорун айта албай турган кези.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Индияда пайда болгон вирустун жаңы түрү тынчсыздануу жаратып жатканын билдирди.

Уйдун жампасы жана дарыгерлердин эскертүүсү

Ал арада өлкөнүн айрым штаттарында эл коронавирустан өз алдынча дарылана баштады. Гуджарат шаарында айрым динчилдер уйдун жампасы менен заарасын аралаштырып денесине сүйкөп, иммунитетин көтөрүү аракетин көрүүдө.

Сүйкөнүп эле тим болбостон, "аралашма" кургагыча йога менен алектенишет. Андан соң сүт менен жуунушат. Мындай "жампа терапиясына" ишенгендердин арасында фармацевтикалык компаниянын менежери Гаутам Манилал Бориса да бар.

"Эң башкы көйгөй - биздин организмге B12 витамини жетишпейт. Бул витамин уйдун тезегинде бар. Эгер биз уйдун жампасы менен заарасын аралаштырып денебизге сүйкөсөк, витамин сиңип коронавирустан коргойт", - дейт Гаутам Манилал Бориса.

Ганга дарыясынын жээгинде адамдын сөөгүн өрттөп жаткандар. 6-май, 2021-жыл.
Ганга дарыясынын жээгинде адамдын сөөгүн өрттөп жаткандар. 6-май, 2021-жыл.

Индуизмде уй ыйык жаныбар болуп саналат. Байыртадан бери индустар уйдун кыгынын дарылык касиети бар деген ишеничте аны диний жөрөлгөлөрдө колдонуп келген. Анткен менен дарыгерлер коронавирусту мындай ыкма менен дарылоо тескерисинче кедергисин тийгизиши ыктымал экенин эскертишүүдө.

"Уйдун кыгы коронавирустан айыктырууда же иммунитетти көтөрүүдө пайдалуу экени илимде далилденген эмес. Адамдар уйдун кыгын колдонуу менен тескерисинче уйдан башка инфекцияларды жугузуп аларын түшүнүшү керек", - дейт Индиянын медициналык ассоциациясынын президенти Жа Жаялал.

Евробиримдик COVID-сертификатын киргизеби?

Ал арада Евробиримдик жарандарын шаркет ичинде кенен-кесири саякаттоосуна шарт түзүү үчүн COVID-сертификатын киргизүүгө ниеттенип жатат.

Мындай документтин киргизилишине өзгөчө туризмге көз каранды мамлекеттер кызыкдар.

Италиянын музейинде жүргөн аял. Рим. 2021-жыл.
Италиянын музейинде жүргөн аял. Рим. 2021-жыл.

Сертификат коронавирус менен ооруп айыккан, эмдөөдөн өткөн жана инфекциясы жок экенин көрсөткөн тесттин жыйынтыгы бар адамдарга биримдиктин аймагында чектөөсүз саякаттоого мүмкүнчүлүк берет.

Еврошаркеттин расмий адамдары сертификатты колдонууга эч кимди милдеттендирбей турганын жана ал вакцинация паспорту катары эсептелбесин билдиришти.

Эмдөө кампаниясы кеңири жүргүзүлүп, коронавирус менен ооругандардын саны азайган сайын Европадагы мамлекеттер жайкы туристик сезондун алдында чектөөлөрдү акырындан жумшарта турганы күтүлүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG