Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

Коронавирустун жаңы штаммдары абалды оорлотту


Кыргызстандагы ооруканалардын бири.
Кыргызстандагы ооруканалардын бири.

Соңку бир суткада коронавирустан жети адам каза болду. Бул былтыркы сентябрь айынан берки эң чоң көрсөткүч. Кыргызстанда апрель айында эле вирустан каза тапкан адамдардын саны 69га жетти.

Премьер-министр Улукбек Марипов 23-апрелде "Фейсбук" социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, абал күндөн күнгө оорлоп жатканын эскертти. Өкмөт башчы элди жапырт эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

"Азыркы тапта эң көйгөйлүү маселе - коронавирус пандемиясы. Ошондуктан, вируска каршы биз, өзүбүз бекем турушубуз керек. Коопсуздукту, тазалыкты сактоо өзгөчө маанилүү. Бизге бир топ вакциналар келди. "Sinopharm" вакцинасын "кызыл зонада" иштеген дарыгерлер, милиция кызматкерлери алып жатат. Баш калаадагы бир нече үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда каалоочулар үчүн акысыз эмдөө шарттарын түздүк. Урматтуу мекендештер, барып эмдөөдөн өтүңүздөр".

Тез жайылган вирустун жаңы түрлөрү

Вирус акыркы 23-апрелде 272, 24-апрелде ​325 кишиден аныкталды. Азыркы тапта 1400дөн ашуун бейтап ооруканада жатат, алардын 400гө жакынынын абалы оор.

Оору жугузуп алгандардын көбү Бишкекте жана Чүй облусунда. Адистердин айтымында, вирустун жаңы штаммдары дал ушул эки аймактын жашоочуларынан табылууда.

Эркинбек Осмоналиев
Эркинбек Осмоналиев

Сокулук районунун аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Эркинбек Осмоналиев азыркы кырдаал былтыркы июнь, июль айларындагы көрсөткүчкө жакындап калганын айтты:

"Биздин ооруканада коронавирусту үч бөлүм дарылап жатат. Терапияда 16, неврологияда 16, жугуштуу оорулар бөлүмүндө 11 бейтапка ылайыктуу орун бар. Азыр анын баары оору жугузгандар чыгары менен толуп калууда. Орто эсеп менен COVID-19ду жуктурган 50гө чукул адамды дарылап жатабыз. Бул көрсөткүчтөр былтыркы июнь, июль айына салыштырмалуу көбүрөөк. Маселен, 2020-жылы биз жалпы 483 адамды дарылаганбыз. Быйыл биринчи кварталда эле 126 бейтап келди. Эгер абал ушул ыргакта улана берсе, былтыркы жай айларындагы көрсөткүчтөн ашып кетебиз. Анын үстүнө вирустун британ штаммы тез жайылып кеткендиктен ооругандар көп болуп жатат окшойт".

"Кара июль кайталанбайт"

Коронавирус менен ооругандар жана анда көз жумгандар көбөйүп жатканына байланыштуу Бишкекте жума намазга жана ооз ачарга чогулууга, дааватка чыгууга убактылуу чектөө киргизүү сунушталды.

Муфтият Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин бул сунушун туура кабыл аларын, мечиттерде ооз ачаар уюштурулбай турганын, бирок кафе-ресторандардын ишин тыюуга ыйгарым укугу жоктугун билдирди.

Буга чейин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги Кыргызстанда коронавирустун мутацияланган төрт штаммы аныкталганын кабарлаган.

Айрыкча Индия, Британия, Түштүк Африка жана Орусия штаммдары катталып, тез жайылып жаткандыктан коронавирустун үчүнчү толкуну май, июнь айларына туура келет деген божомолдор айтылган.

Бирок Республикалык оорулардын алдын алуу борборунун вирусологу Зуридин Нурматов былтыркыдай абал кайталанбайт деген пикирин билдирди.

"Коронавирус менен ооругандардын саны мындан ары да көбөйө берет. Бирок бул былтыркы июлдагыдай кандуу болбойт. 2020-жылдын июнь, июль айына караганда октябрь, ноябрь айында өлүмдүн саны жана жуктургандар азыраак болгон. Азыркы толкунда статистика күзүндөгү кырдаалдан да азыраак болот. Себеби, элдин көпчүлүгүндө антитела пайда болду. Мурда августтун аягында антителасы барлар 31,8% болсо, акыркы биздин изилдөөбүздүн алдын ала жыйынтыгы элде 60-70% антитела пайда болгонун көрсөтүүдө".

Ал арада Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө жүрүп жатат. 24-апрелге карата 16 073 адам эмдөөдөн өттү. Анын басымдуусу Кытайдын "Sinopharm" вакцинасын алган.

22-апрелде өлкөгө Орусияда жасалган "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы келди. Саламаттык сактоо министрлиги аны менен 65 жаштан өткөн адамдарды эмдей баштады. Орус вакцинасын биринчи болуп белгилүү хирург Мамбет Мамакеев алганы кабарланды.

Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова Бишкек менен Чүйдө эпидемиологиялык кырдаал курч болгондуктан, "Спутник V" вакцинасы бул аймактын улгайган тургундарына биринчи сайыла турганын айтты:

"Негизи "Sinopharm" вакцинасы биринчи этап менен келгендиктен медициналык кызматкерлерге, "кызыл зонада" иштегендерге сайылып жатат. Ал эми "Спутник V" экинчи этап менен келди. Аны менен Чүй жана Бишкектеги өнөкөт оорусу бар, 65 жаштан жогору адамдар эмделет. Мындан кийин келген вакциналарды аймактарга жибере баштайбыз".

Өкмөт башчы Улукбек Марипов 23-апрелдеги түз эфирде "AstraZeneca" вакцинасы май айынан тарта Кыргызстанга келерин билдирди.

Ал эми коронавирустан улам психологиялык жактан жабыркагандар үчүн "Сорос Кыргызстан" фондунун көмөгү менен Бишкекте акысыз психологдор иштеп жатат.

Бишкекте COVID-19дан жабыркагандар үчүн акысыз жардам берген адистер

Психологдор:Телефондору
Зарина Борбиева0552280286
Бегайым Борбиева0773248240
Назгүл Чолпонкулова0709857985, 0772454787
Гүлмира Базарбаева0557272741

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG