Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун төрт штаммы тараганы аныкталды


COVID-19 вирусун аныктоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
COVID-19 вирусун аныктоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги Кыргызстанда COVID-19 вирусуна кабылгандардан төрт штамм, тактап айтканда, британиялык (жаңы штамм), индиялык (жаңы вариант), түштүк африкалык (эски вариант) жана орусиялык түрү аныкталганын билдирди. Бул тууралуу 22-апрелде мекеменин сайтында кабарланды.

Маалыматта айтылгандай, кыргызстандык бейтаптардын анализдери Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Референс-лабораториясында жана Орусиянын Вирусология жана эпидемиология боюнча мамлекеттик илимий «Вектор» борборунда текшерилип, корутундулар ошол жерде чыккан. Анализдер ушул жылдын 26-мартында жөнөтүлгөн.

Буга байланыштуу министрлик калкты беткап тагуу, социалдык аралыкты сактоо, антисептиктерди колдонуу сыяктуу санитардык эрежелерди бекем сактоого чакырат. Илдеттин симптомдору аныкталган учурда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна же 118 номерине чалуу керектиги эскертилет. Бейтап өз алдынча дарыланбашы керек.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 380 кишиден (U07.1 жана U07.2) аныкталды, илдеттен беш адам каза болду. 22-апрелге карата илдет 93 006 кишиге жукту. Анын 87 554ү айыкканы айтылды. Вирустан жалпы 1566 адам кайтыш болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG