Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:48

Индия пандемиянын очогуна айланды


Нью-Делиде крематорийде коронавирустан каза болгон адамдын сөөгүн өрттөөгө даярдап жатышат. 21-апрель, 2021-жыл.
Нью-Делиде крематорийде коронавирустан каза болгон адамдын сөөгүн өрттөөгө даярдап жатышат. 21-апрель, 2021-жыл.

Индиядагы крематорийлер коронавирустан каза тапкан адамдардын сөөгүн өрттөөгө жетишпей жатышат. Айрымдар жакындарынын сөөктөрүн өздөрү эле өрттөгөнгө аргасыз.

“Соңку күндөрү аябай көп сөөк түштү. Бүгүн эле 10-12ни алып келишти. Кечээ 12 сөөктү кремациялаганбыз. Абдан көп болуп жатат”,-дейт крематорийдин жумушчусу Тиньку.

Ооруканаларда орун, кычкылтек концентраторлору тартыш болууда. Дарыгерлер бейтаптарга медициналык жардам көрсөткөнгө жетишпей жатышат. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, ооруканалардан дары-дармектер тонолуп, каза болгон адамдардын кычкылтек концентраторлорун жула качып жатышат.

1,3 миллиард адам жашаган Индияда коронавирустан жалпы 185 миң адам өлдү. Байкоочулар каза болгондордун саны алда канча көп экенин айтышат.

“Reuters” жана “Financial Times” басылмалары айрым шаарлардагы көрсөткүчтөр расмий айтылгандан бир кыйла көп экенин жазышты.

Ооруп жаткандардын 65% - 40 жашка чыга электер.

Баш калаа Нью-Делиде жана бир катар башка штаттарда катаал карантин чаралары киргизилген.

Анысы аз келгенсип, Индияда “AstraZeneca” вакцинасын чыгарып жаткан институт бир айда 60-70 миллион гана доза өндүрө аларын, андан көпкө чамасы жетпестигин билдирди. Бул Индияда эмдөө жараяны дагы создугарын айгинелейт. Ушул күнгө чейин 130 миллион доза гана сайылды. Өткөн айдан тартып Индия вакцинаны экспорттоону токтоткон.

Бийлик 1-майдан тартып 18 жаштан жогорулардын баарын эмдөөнү көздөп жатат, бирок вакцинанын тартыштыгы бул жараянды жайлатышы мүмкүн.

Бул өлкөдө коронавирус быйыл марттан баштап күч алды. Буга адамдардын санитардык эрежелерди сактабай, ар кандай чогулуштарды, диний фестивалдарды, той-топурларды, саясий митингдерди байма-бай өткөрө баштаганы себеп болду.

Батыш Бенгалия штатында 17-апрелде өткөн жыйында сүйлөп жатып, Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди “мынча көп адамдардын топтолушун көрө электигин” сыймыктануу менен айткан. Чогулгандардын көбү, атургай Моди өзү да беткапсыз турду. Ошол эле күнү Индияда коронавирустан көз жумгандардын саны миңден ашкан.

Ошондой эле коронавирустун Индияда аныкталган «эки жолу мутацияланган» жаңы түрү да илдеттин жайылышын күчөттү. Ушул тапта АКШ, Франция жана Британия Индияга каттоого чектөө киргизди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG