Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

Кыргызстанга "AstraZeneca" вакцинасы май айында келет


Өкмөт башчы Улукбек Марипов Кыргызстанга май айында Австриядан Оксфорд университети менен "AstraZeneca" компаниясы иштеп чыккан вакцина келерин билдирди. Бул тууралуу 23-апрелде "Фейсбуктагы" баракчасында түз эфирге чыкканда айтты.

Бир күн мурун Орусиядан келген "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы аймактарга бөлүштүрүлө баштаганын билдирди.

Ошондой эле, 29-мартта Кытайдын "SinoPharm" препараты менен эмдөө башталганын, каалоочулар үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна барып вакцина алса болорун белгиледи.

20-апрелде COVAX эл аралык программасынын алкагында Кыргызстанда 423 миң шприц жана колдонулган медициналык каражаттарды коопсуз шартта жок кылуу үчүн 3825 даана куту келген.

Расмий кабарга ылайык, Кыргызстанда 23-апрелге карата 14 861 киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 93 278 кишиге жукту. Анын 87 717си айыгып, Вирустан жалпы 1573 адам кайтыш болду (23-апрелдеги маалымат).

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG