Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

"Азаттык" тажрыйбалуу веб-редактор издейт


"Азаттыктын" Бишкек бюросу тажрыйбалуу веб-редактор издеп, сынак жарыялайт.

Талапкерге коюлган негизги талаптар:

  • Башка ЖМКларда веб-редактор же редактор болуп иштеген бай тажрыйба;
  • Кыргыз тилин мыкты билүү;
  • Кыргыз жана англис тилиндеги материалдар менен иштей билүү;
  • Кыргызстандагы саясий, экономикалык жана социалдык маселелерди жана эл аралык темаларды талдап, түшүнүү;
  • Журналистиканын эл аралык стандарттарын билүү жана аны так кармануу:

Веб-редактор эл аралык жана жергиликтүү окуяларга ыкчам реакция кылышы кажет жана аны ар кандай платформалар үчүн (интернет, телевидение жана социалдык тармактар) кечиктирбей иштеп чыгууга тийиш. Кабарчылар менен иштөө, репортаж, жаңылыктарды редакциялоо, сайтка сүрөт жана видео материалдарды жайгаштыруу жана форумдарга модераторлук кылуу дагы редактордун негизги иши болуп саналат.

Мыкты талапкерлерге редакциялоо үчүн тексттер берилет.

Резюмени жана башка кагаздарды 31-майга чейин жөнөтүңүз.

Веб-редактор аткара турган талаптар жана резюме жөнөтүү жол-жобосу бул жерде англис тилинде так жазылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG