Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

COVID-19: Кыргызстанда он беш миңдей адам вакцина алды


Медициналык мекемелердин биринен тартылган сүрөт.
Медициналык мекемелердин биринен тартылган сүрөт.

Кыргызстанда 23-апрелге карата 14 861 киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Алардын 276сына вакцинанын экинчи дозасы сайылды. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Өлкөдө COVID-19 илдетине каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын "SinoPharm" вакцинасы менен башталган.

Эмдөөнүн аймактык көрсөткүчү:

Ош облусунда - 4463 киши;

Жалал-Абад облусунда - 2265;

Чүй облусунда - 1627;

Бишкек шаарында -1567;

Ош шаарында - 1385;

Ысык-Көл облусунда - 1201;

Баткен облусунда - 781;

Нарын облусунда - 638;

Талас облусунда - 534.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 93 278 кишиге жукту. Анын 87 717си айыгып, Вирустан жалпы 1573 адам кайтыш болду.

Кыргыз өкмөтү 22-апрелде Орусиядан да "Спутник V" вакцинасынын биринчи партиясында 20 миң доза алып келди. Австриянын "AstraZeneca" вакцинасы да келери маалымдалган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG