Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:41

Кыргызстанда «Спутник V» вакцинасы менен эмдөө башталат


"Спутник V" вакцинасы.
"Спутник V" вакцинасы.

Кыргызстанда жакынкы күндөрү коронавируска каршы орусиялык «Спутник V» вакцинасы менен эмдөө башталат.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 22-апрелде Орусиядан 20 миң доза вакцина жеткирилди. Вакцина алуу боюнча макулдашууга президент Садыр Жапаровдун 24-25-февралында Орусияга болгон сапарында жетишилгени, анын алгачкы партиясын биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков алып келгени кабарланды.

Расмий Москва бул вакцинанын бир бөлүгүн гуманитардык жардам катары берген. Вакцинаны өткөрүп алуу учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев июнь айына карата Орусияда вакциналарды өндүрүү жакшырып, Кыргызстанга белгиленген жадыбал боюнча жеткирилет деген ишенимин билдирди.

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко препараттын көлөмү өндүрүшкө жараша көбөйтүлөт деген оюн айтты.

Акыркы күндөрү өлкөдө коронавирус тездик менен жайылып, жугузуп алгандар жана андан каза болгондор көбөйүп жатат. Расмий эсеп боюнча 22-апрелде вирус дагы 380 кишиден аныкталып, сентябрдан берки эң көп көрсөткүчтү түздү.

Пандемия башталган бир жыл ичинде оору 93 006 адамга жугуп, анын 87 554ү айыкты. 1566 бейтап каза болду.

Өлкөдө COVID-19 илдетине каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын "SinoPharm" вакцинасы менен башталган.

Бийлик Австриянын "AstraZeneca" вакцинасы да келерин, Орусиядан "Спутник V" вакцинасын алууну пландап жатканын жарыялаган. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG