Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

ЕККУ жыйынында Кыргызстандын Баш мыйзамы талкууланды


ЕККУнун Туруктуу кеңешинин жыйыны 22-апрелде Венада өттү. Анда АКШнын Миссиясынын башчысынын орун басары Элизабет Розенсток-Силлер Кыргызстандын жаңы Баш мыйзамы тууралуу пикирин билдирди.

Ал 11-апрелде референдумда кабыл алынган Баш мыйзамда бийлик бутактарынын тең салмактуулугу сакталбай калган учурлар бар экенин айтты. Венеция комиссиясынын бул Конституциянын долбооруна карата корутундусунда айтылган кемчиликтерди оңдоо сунуштарын эске алууга чакырды.

“Биз Кыргызстандын өкмөтү менен парламентине бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактоо, адам укугу менен эркиндигин чектөө үчүн колдонулуп кетиши мүмкүн болгон жазууларды алып салууну жана жарандык коомдун укугун чектеген жоболорду жокко чыгаруу боюнча чара көрүүгө чакырабыз”, – деп билдирди жыйында Элизабет Розенсток-Силлер.

Элизабет айым ЕККУнун алдындагы Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу менен Венеция комиссиясы дагы өз отчетторунда жаңы Баш мыйзам боюнча Кыргызстандын президентинин колуна эбегейсиз бийлик топтолуп калганына камтамачылык айтылганын белгилеген.

Жаңы мыйзамдар аркылуу сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоо жана бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту сактоого чакырык ташталганын эскерткен.

Быйыл 11-апрелдеги референдумда добуш берген шайлоочулардын 79% Кыргызстанда президенттик башкарууну орното турган Конституциянын долбоорун колдогон. Бүткүл элдик добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 37 пайызы катышкан.

Жаңы Конституцияга ылайык, Кыргызстанда президент беш жылдан эки жолу шайлана алат. Ал аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөйт. Мамлекет башчынын судьялардан райондун башчыларын дайындоого чейинки бир топ ыйгарым укуктары болот. Парламент депутаттарынын саны 120дан 90го түшүрүлөт. Элдик курултай “кеңешүүчү жана байкоочу жыйын" деген өзгөчө макамга ээ болот.

Буга чейин президент Садыр Жапаров жаңы Баш мыйзам өлкөдө «мыйзамдуулук менен тартипти» орното турганын «Азаттыкка» курган маегинде айткан. Конституциялык реформаны жактагандар 10-январда өткөн референдумда шайлоочулардын 80% президенттик системаны колдогонун белгилеп келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG