Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:09

Алмамбетова: Шайлоодо административдик ресурс колдонулду


Гуля Алмамбетова
Гуля Алмамбетова

Кыргызстанда 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо административдик ресурс колдонулду. Мындай пикирин Кыргызстан элдик-демократиялык партиясынын мүчөсү, Бишкек шаардык мэриясынын мурдагы кызматкери Гуля Алмамбетова 22-апрелде "Азаттыктын" түз ободогу "Эксперттер талдайт" программасына катышкан учурда билдирди.

"Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдү кыдырып, үгүт жүргүзгөн учурда үй комитет башчыларынын тоскоолдугуна кабылып жаттык. Алар эбак эле башка партияларга кол коюп бергенин айтып жатышты. Шайлоо жалпы жонуна мыйзам жолунда өттү. Бирок административдик ресурс да колдонулган учурлар болду. Мурда мэрияда иштегендер да талапкер болгонбуз. Мекеме тарабынан бизди басып салышты. Соцтармактарда жамандашты. Башка партиялар да кара пиар колдонду", - деди Алмамбетова.

Бир нече партиялардын өкүлдөрү 22-апрелде Бишкекте жана Ошто шаардык кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып чыгышты.

Алар шайлоодо административдик ресурс колдонуу жана добуш сатып алуу жапырт орун алганын белгилешип, кайрадан шайлоо өткөрүүгө чакырышууда.

БШК нааразы болгондордун арыз-дооматы каралып жатканын, убагы келгенде жыйынтык чыгарыларын маалымдады. Бийлик өкүлдөрү буга чейин шайлоо таза өткөнүн билдиришкен.

11-апрелдеги шайлоодо Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 25 партиянын талапкерлери ат салышты. Баштапкы жыйынтык боюнча, алты партия 7% чектен өткөн. Алар «Эмгек» партиясы , «Ак Бата», НДПК, «Ата Журт Кыргызстан», «Ынтымак» 7 жана «Биздин эл» партиялары.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 18-апрелдеги жыйында НДПК партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу чечим кабыл алды. Ага атайын кызмат менен милициянын аталган партияны «добуш сатып алууга» айыптаган документтери негиз болду.

Мындан улам добуштардын жыйынтыгы кайрадан эсептелиши мүмкүн. Аймактык шайлоо комиссиясы соңку жыйынтык 2-майга чейин чыгарыларын билдирген. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG