Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

Шойгу: Крымдагы машыгууга катышып жаткан аскерлер артка кайтат 


Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу. 22-апрель, 2021-жыл.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу. 22-апрель, 2021-жыл.

Орусиянын түштүк жана түштүк-батыш чек арасында жана аннексияланган Крымда аскердик машыгууга катышып жаткан куралдуу күчтөрдү 1-майга чейин туруктуу жайгашкан аскер бөлүктөрүнө кайтуу буйругу берилгени кабарланды.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 22-апрелде аскердик машыгуулардын негизги бөлүгү өтчү Крым жарым аралына барды.

Буга чейин Орусиянын бийлиги Украина менен чектешкен аймактарда аскердик техника жана оң миңден ашуун жоокер атайын аскердик машыгууларга катышуу үчүн алынып келингенин билдирген. Бул аскердик жүрүштөр Орусия менен Украинанын ортосундагы мамиле курчуп, чыңалып турган учурга туура келди.

Киев өзүнүн чек арасына жакын аймактарга Орусия аскер күчтөрүн топтоп жаткандыктан, Орусиянын Украинага басып кирүү коркунучунан кооптонуп, Батыштагы өнөктөштөрүнө кайрылган. Буга байланыштуу АКШ менен Евробиримдик да тынчсыздануусун билдирип, Москваны чыңалууну жөнгө салууга чакырган.

Брюссель соңку жумаларда Орусия украин чек арасына жакын тилкелерге жана аннексияланган Крым жарым аралында 150 миңден кем эмес армиясы менен аскер техникасын жайгаштырганы боюнча билдирүү жасаган. Кремль ал өзүнүн аймагында аскер күчтөрүн ары-бери жылдыруу кайсы бир тарапка коркунуч жаратпай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG