Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Соңку бир суткада коронавирустан жети адам каза болду


Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы жети адамдын өмүрүн кыйды. Алардын төртөө Бишкекте, үчөө Чүй облусунда.

Коронавируска каршы республикалык штабдан кабарлашкандай, 23-апрелге карата дагы 272 адамдан бул оору аныкталды. Алардын теңинен көбү борбор калаада.

Мурда ооругандардан 163 киши сакайды.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 93 278 кишиге жукту. Анын 87 717и айыгып, Вирустан жалпы 1573 адам кайтыш болду.

Өлкөдө COVID-19 илдетине каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын "SinoPharm" вакцинасы менен башталган. 23-апрелге карата 14 861 адам эмделди.

Бир күн мурун "Спутник V" вакцинасынын 20 мин дозасы келген. Бийлик Австриянын "AstraZeneca" вакцинасы да келерин маалымдаган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG