Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Орозо айт: пандемия кесепети жана жаңжал


Аймактардагы Айт намаз
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00

Аймактардагы Айт намаз

Кыргызстандыктар быйыл Орозо айтты пандемия шартында жана Баткендеги чек ара жаңжалынан кийинки учурда белгилеп жатат.

Пандемияга байланыштуу айт намазын мечиттерде гана окууга уруксат берилгендиктен, борбордук аянттарда экинчи жыл катары менен эл чогулган жок.

Кыргызстандын башка аймактарындай эле Баткен шаарындагы борбордук мечитте да таң эрте айт намазы окулду.

Ага катардагы мусулмандар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, диний кызматкерлер катышты. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгондор эскерилип, элди сабырдуулукка чакырган сөздөр айтылды.

Баткен шаарынын имамы Абдирашит Юнусов дүйнөгө тынчтык тиледи.

“Жашообузда береке, ынтымак болсун. Жаратканым жакшылыктарын элге-жерге насип этсин. Мамлекетибизде тынчтык орноп, кырсык, апааттардан кудай сактасын”.

28-29-30-апрелде жана 1-майдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Алардын экөө бала. 180ден ашуун адам жараат алды. Тажик тараптан 19 адам каза болгону, 87 киши жараат алганы расмий жарыяланды.

Баткен облусунун тургуну Дөөлат Жалилов чөлкөмдү байырлаган эки эл ынтымакта жашоого милдеттүү экенин айтты:

“Биз качан бири-бирибизге сый мамиле кылып, ынтымактуу болгондо гана тынч жашайбыз. Кылымдар бою ушундай жашап келгенбиз. Биздин элге, коңшу өлкөлөргө жана жалпы дүйнө элине тынчтык тилейбиз”.

Орозо айт майрамы менен таң эрте президент Садыр Жапаров кайрылуу жолдогон. Ал куттуктоо сөзүндө “Ыйык Орозо айында өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурган окуялар болуп өттү” деп белгиледи.

“Ыйык Орозо айында өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурган окуялар болду. Балким мында Жараткандын бир жакшылыгы болсо керек, балким бул ыймандын, бекемдиктин жана Кудайга болгон ишенимдин сыноосу чыгаар. Элибиздин айкөлдүгү, кайраттуулугу, кыраакылыгы, кайрымдуулугу, мекенчилдиги мындай кырдаалда тирек болуп берет деп терең ишенем”, - деди президент.

Өлкө башчынын куттуктоосунда Орозо айт — кайрымдуулуктун жана кубанычтын жышааны, эзелтеден бери белгиленип келе жаткан салттуу майрамдардын бири экени айтылат. Бүткүл ислам дүйнөсү бул күндү мээримдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн жана жаңылануунун белгиси катары тосуп алары белгиленген.

Кыргызстандыктар быйыл Орозо айт майрамын экинчи жыл катары менен коронавирус пандемиясынын шартында белгилеп жатат. Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Артем Новиков кыргызстандыктарды куттуктаганда буларга токтолду:

“Орозо айт майрамы биздин көп улуттуу элибиздин бай руханий мурасынын ажырагыс бөлүгү. Коронавирус пандемиясында жана Баткен облусундагы акыркы окуяларда элибиз биримдикти, тилектештикти жана чыдамдуулукту көрсөттү”.

Соңку маалыматка ылайык, Кыргызстанда короновирустан 1681 киши каза болду. Дээрлик 100 миңге жакын киши жугузуп алды. Анын 92 миңден ашыгы сакайып чыкты.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий маалыматка ылайык, ушул күндөрү 50 миңден ашуун киши вакцина алды.

Кыргызстанга келген Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өкмөт эл аралык COVAX программасынын алкагында британ-швециялык "AstraZeneca" вакцинасы да келерин билдирген.

Кечээ, 12-майда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы коронавируска каршы күрөш үчүн 20 миллион доллар берерин билдирген. Министрдин айтымында, бөлүнгөн каражатка Кыргызстан кытай вакцинасын сатып алат.

“Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) расмий каттаган вакциналарды сатып алышыбыз керек. Орусиянын "Спутник V" вакцинасын ДССУ каттай элек. Ошондуктан биз Кытайдын "SinoPharm" вакцинасын сатып алабыз”, - деди министр.

Орозо - Ислам дининдеги негизги беш парздын бири. Шарият эрежесине ылайык, Рамазан айында мусулмандар 30 күн орозо кармайт. Бул ай Айт майрамы менен жыйынтыкталат. Буга байланыштуу Айт күнү кыргызстандыктар эс алышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG