Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Насыянын эсебинен 1 млн. доза вакцина алынат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Дүйнөлүк банк берген 20 миллион доллардын 17 миллионуна 1 миллион доза вакцина сатып алат. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык министринин орун басары Улукбек Бектурганов 7-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, насыянын калганы медицина тармагына керектүү жабдууларды жана техникаларды сатып алууга кетет.

“COVAX программасы менен алты вакцинанын түрү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун каттоосунан өттү. Анын бири - Кытайдын SinoPharm вакцинасы. Биз ушул вакциналардын бирин сатып алсак болот. SinoPharm вакцинасынын бир дозасынын баасы 16 доллар турат. Кыргызстанга жеткирилгени менен ар бири 17 доллардан айланат. 1 миллион доза вакцина 500 миң кишиге жетет”, - деди Бектурганов.

Дүйнөлүк банк берген акчанын тең жарымы грант түрүндө. Калганы 38 жылга 0,75% менен насыя катары берилет.

Өлкөдө 2021-жылдын мартында Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Sputnik V вакциналары менен эмдөө башталган. Майдын соңунда кытай препаратынын биринчи дозасы түгөнгөн.

Ушул күнгө чейин 80 миңден көп жаран эмделди.

2020-жылдын мартынан бери Кыргызстанда бул илдеттен 1852 киши каза болду, анын 100дөн ашыгы медицина кызматкерлери.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 илдетин 107 335 киши жугузду. Анын 100 722си сакайды. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG