Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 09:19

Имамназар Бурканов Баткен шаарына мэр болуп шайланды


Баткен шаарынын мэрлигине Имамназар Бурканов атаандашсыз шайланды. 7-июндагы сессияда шаардык кеңештеги 31 депутат анын талапкерлигин бир добуштан колдоду.

Интернеттеги ачык булактарга ылайык, жаңы мэр Кызыл-Кыя шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы - Нурланбек Буркановдун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Арзыбек Буркановдун бир тууганы. Ал буга чейин "Сыйкыр топурак" жоопкерчилиги чектелген коомун башкарган.

7-июнда Жалал-Абад, Баткен баштаган 17 шаардын мэри шайланды.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG