Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:39

Пакистанда поезд кырсыгынан 30дай адам набыт болду


Пакистанда эки жүргүнчү поезддин кагылышуусунан кеминде 30дай адам набыт болду. Кырсык 7-июнда эртең менен Синд провинциясындагы Дахарки шаарына жакын жерде болгон.

Расмий маалыматка ылайык, поезддердин бири рельсттен чыгып кетип, эл ташып келе жаткан экинчи поезд менен кагылышкан. Анда алты вагон толугу менен кыйраган.

Поезд кырсыгы алыскы аймакта орун алгандыктан куткаруу операциясын жүргүзүү кыйын болууда.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан бидирүү таратып, кырсыктын себептерин аныктоо үчүн терең иликтөө жүргүзүүгө убада кылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG