Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

Фарид Ниязовдун камактагы мөөнөтү 10-августка чейин узартылды


Фарид Ниязов.
Фарид Ниязов.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 7-июнда президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун камактагы мөөнөтүн узартып, 10-июнга чейин №1 тергөө абагында калтырды.

Анын адвокаты Замир Жоошевдун айтымында, прокурор күбөлөрдүн баарын сурай электигин билдирип, Ниязовдун бөгөт чарасын узартууну сураган.

"Мыйзамга ылайык, тергөөдө ушундай зарылчылык болсо, ал айыпталуучуну камакта кармаганга негиз боло албайт. Адам качып кетиши, тергөөгө тоскоолдук жаратышы же кылмыш жасашы мүмкүн деп табылса гана камакта кармалат",- деген Жоошев сот чечимин мыйзамсыз деп, беш күн аралыгында шаардык сотко кайрыларын кошумчалады.

Фарид Ниязов алгач 2019-жылы августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын алкагында камалган. 2020-жылы 4-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашканда бошотулган.

9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында митинг уюштурулуп, ал таш, бөтөлкө ыргытуу, ок атуу менен коштолгон. Милиция жаңжал боюнча иш козгоп, бул үчүн 10-октябрда Фарид Ниязов менен чогуу бир топ адамды кармаган. Ниязов ага чейин 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясы боюнча кармалып, абакта отурган.

2020-жылдын октябрь окуяларында тарапкерлери тарабынан бошотулуп, сөз болуп жаткан митингге барган болчу.

Акыйкатчы институту 3-мартта Мирсаид Миррахимов атындагы кардиология жана терапия борбору Фарид Ниязовго 3-даражадагы гипертониялык оорусу бар деген диагноз койгонун кабарлаган. Башкы прокуратурага анын бөгөт чарасын өзгөртүүнү сунуштаган.

XS
SM
MD
LG