Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Камактагы Өмүрбек Бабанов элге кайрылды


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында камалган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов элге кайрылуу жолдоду.

Камакта анын колго жазылган кайрылуусу "Фейсбуктагы" баракчасына жүктөлүп, электрондук версиясы кыргыз жана орус тилдеринде жарыяланды.

Бабанов өзүнө карата соттук териштирүүлөр жабык өткөнүн сындап, аудио жана видео жазуулар атайылап берилбей жатканын билдирди.

"Соттук териштирүү түшүрүлгөн видеону да бергенден коркуп жатышат. Себеби, соттогу абсурддук кырдаалды видеожазуудан бардыгы көрө алышмак. Тергөөчү менен прокурор бир да суроого жооп бере албай башын жерге салып турушту. Анткени алар бир нерсени билишкен – мага коюлуп жаткан айып эч нерсеге жарабаган, акылга сыйбаган айыптоо! Жана мени жөн эле соттоп жатышат! Ушул да сотпу? Бул адилетсиздик!"- деген Бабанов өзүнө коюлган айыпты "суу кечпейт" деп атады.

Өмүрбек Бабанов 2011-2012-жылдары өкмөттү башкарган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) ага кандай кине коюлганын толук билдирген жок. Атайын кызматтын расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиева тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде иш козголгонун айтып чектелген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG