Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:12

COVID-19: Европа саякатка жол ачууда


Европа комиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен.
Европа комиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен.

Евробиримдикте COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндөргө же илдеттен ооруп айыккандарга атайын күбөлүк менен саякаттоого мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Европада коронавирус басаңдап бара жатканы менен Түштүк Америкада кырдаал курч бойдон.

Европа парламентиндеги мыйзам чыгаруучулар 20-майдагы жыйынында COVID-19 сертификаттарына байланыштуу орток пикир табышты. Ага ылайык, шаркетке кирген 27 мамлекетте жашаган адамдар санарип күбөлүк аркылуу уюмдун аймагында эркин каттай алышат.

Бул сертификаттар коронавируска каршы эмдөөдөн же тесттен өткөндөргө, же илдеттен ооруп айыккандарга берилет. Принтерден чыгарылган же телефонго жүктөлгөн санарип күбөлүгү бар жарандар бир өлкөдөн экинчисине барганда, карантинде отурбайт, кошумча чектөөлөргө туш болбойт.


Мындай күбөлүктөр Европадагы жайкы туристтик сезонду сактап калуунун айласы катары каралууда. Ошол эле учурда "жогорку деңгээлде коргоого алынган" санарип сертификаттар мамлекеттерге вирусту жайылтуу ыктымалдыгы азыраак адамдарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүп жатат.

Европанын бир катар өлкөлөрүндө коронавирус басаңдап, эмдөөдөн өткөндөрдүн катары калыңдап жаткандыктан айрым чектөөлөр алына баштады.

Евробиримдиктин Саламаттыкты сактоо комиссары Стелла Кириакидестин айтымында, уюмга кирген өлкөлөрдүн жалпы калкынын 40 пайызына коронавируска каршы вакцинанын кеминде бир дозасы сайылды. Ал эми калктын 17 пайызы толук эмдөөдөн өттү.

"Январь айында бир аптада жүз миңдеген гана адамга вакцина сайылып жатса, азыр Европа Биримдигинде бир жумада 20 миллиондон ашык вакцина колдонулууда. Вакцинаны жеткирүү жана өндүрүү тездегендиктен бул сан дагы өсөт. Андыктан келечекке дагы ишенимдүүрөк, жай айларына этият оптимизм менен карасак болот", - деди Стелла Кириакидес

Москвадагы карантин маалында эки жакка каттоого мүмкүнчүлүк берген күбөлүк.
Москвадагы карантин маалында эки жакка каттоого мүмкүнчүлүк берген күбөлүк.

Европа комиссиясы COVID-19 күбөлүктөрүн колдонуу демилгесин март айында эле көтөргөн. Бирок сертификаты бар адамдарга кошумча чектөөлөрдү колдонуп, колдонбоо маселесинде пикир-келишпестик жаралган. Эми бул сунуш уюмга мүчө ар бир мамлекеттерде формалдуу түрдө жактырылгандан кийин июнь айында Европарламент ратификациялаганы турат.

Ошентсе да Европа комиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен уюмга мүчө мамлекеттер өз аймагында коронавирусту ооздуктоочу аракеттерди көрө бериши керектигин эскертти.

Аргентинада абал курчуду

Европанын өлкөлөрүндө чектөөлөр четинен алынып жатканы менен Түштүк Америкада коронавируска байланыштуу кырдаал курч бойдон. Маселен 20-майда Аргентинанын президенти Альберто Фернандез жыл башынан бери биринчи жолу чектөөлөр киргизилерин жарыялады.

"Пандемия башталгандан беркиэң жаман маалда жашап жатабыз. Бул кырдаалды олуттуу кабыл алыңыздар", - деп эскертти Фернандез.

Ага ылайык, 22-майдан 31-майга чейин кирген карантин чектөөлөрү социалдык, бизнес, билим берүү, дин жана спорт тармагына тиешелүү.

Бийлик чектөө менен коронавируска кабылгандардын жана оорудан өлгөндөрдүн санын ооздуктап калууну көздөп жатат.

"Мен чектөөлөр кыйынчылыктарды жарата турганын жакшы түшүнүп турам. Бирок азыркы абалды эске алганда, адам өмүрүн сактап калуудан башка тандообуз жок. Вирустун ушунчалык жайылып, ушунча адамдын өмүрүн алып жатканын табигый көрүнүш катары карап кое албайм", - деди президент Фернандез.

Түштүк Америкадагы 45 миллиондой калкы бар бул мамлекетте COVID-19га жалпы 3,4 миллион адам чалдыгып, 72 миңден көп бейтап көз жумган.

Аргентинанын президенттинин айтымында, алдыдагы бир нече күн ичинде "Спутник-V" жана "Asrta Zeneca" вакциналарынын төрт миллиондой дозасы өлкөгө жеткирилет.

Буэнос-Айрес шаары, 2020-жылдын май айы.
Буэнос-Айрес шаары, 2020-жылдын май айы.

Ал арада Канаданын Онтарио провинциясында тышта он адамдын чогулуусуна уруксат берилди. Ошондой эле июндун ортосунан бир топ соода жайларынын ишмердигинин 15 пайызы жанданат. Өлкөдөгү калкы жыш бул провинцияда үчүнчү толкун башталган апрель айынан бери дээрлик бардык коомдук жайлар жабылган.

Кошмо Штаттарда болсо элдин эмдөөдөн өтүшүн тездетүү үчүн лотерея ойнотулуп жатат. Маселен Мэриленд штаты 20-майда жарыялагандай, аймакта күн сайын эмдөөдөн өткөндөрдүн арасынан бир киши лотерея жолу менен тандалып алынат жана ал 40 миң долларга ээ болот.

Бул лотереяга алдыдагы 40 күн бою уланат. Акыркысы АКШнын эгемендик күнүнө карата тандалып алынат. Ал күнү лотореяда жеңип алган жаран 400 миң доллар берилет.


Кыргызстандын Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабынын 21-майдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада өлкөдө алты адам COVID-19 илдетинен каза болду. Көз жумган бейтаптардын үчөө Бишкекте, үчөө Чүйдө катталды. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 298 адамдан табылды.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында (170) жана Чүй облусунда (69). Өлкөдө март айынын этегинде башталган коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүнүн биринчи фазасынын алкагында 64 миңден ашуун адам эмделгени маалым болду.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG