Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Путин кибер кылмышкерлерди алмашууга даяр экенин айтты


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Орусиянын президенти Владимир Путин кибер кылмыштарга шектелип кармалгандарды АКШга өткөрүп берүүгө даяр экендигин билдирди.

13-июнда мамлекеттик телеканалдардын бирине маек берген учурда Путин бул иш Вашингтон Москва үчүн дал ушундай кадамга барган учурда, маселе боюнча эки держава бир пикирге келишкенде гана ишке ашарын кошумчалады.

16-июнда Женевада Путин АКШнын президенти Жо Байден менен жолугушуусу күтүлүүдө. Лидерлердин кездешүүсү эки өлкөнүн мамилеси чыңалып турган учурга туш келди.

“Эгерде биз кылмышкерлерди экстрадициялоого макул болсок, албетте Орусия убадасын аткарат. Бирок андай учурда берки тарап да, мындайча айтканда Кошмо Штаттар дал ошондой кадамга барууга макул болушу керек”, – деди Путин.

Ал Женевадагы жолугушуу эки тараптуу диалогду орнотууга жана жеке байланыштарды жандандырууга жардам берет деп күтүп жатканын айтты.

Маселе белгисиз кибер кылмышкерлер тобу АКШнын чыгыш жээгинде жайгашкан газ жана күйүүчү май сактоочу куур операторунун системасына кирип, аны блоктоп, опузалап акча төлөп берүүнү талап кылгандан кийин көңүл чордонуна чыкты. АКШ бийлиги кибер кылмышкерлер Орусияда туруп иш алып барды деп билдирүү тараткан. Өткөн айда кибер чабуулдан улам күйүүчү майдын баасы көтөрүлдү.

Colonial Pipeline (Колониал Пайплайн) компаниясы хакерлердин талабын аткарып, аларга 5 миллион доллар төлөп берүүгө мажбур болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG