Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:11

АКШ Орусиянын Химия жана механика илимий-изилдөө борборуна каршы санкция салды


АКШнын Финансы министрлиги Орусиянын Химия жана механика илимий-изилдөө борбордук институтуна каршы санкция салынганын маалымдады.

Министрлик муну Жакынкы Чыгыштагы мунай-химия заводуна 2017-жылы жасалган хакердик чабуулга байланыштырды. Вашингтон кибер соккуда Орусиянын Химия жана механика илимий-изилдөө борбору институтунун колу бар деп эсептейт.

Адистер Москвадагы институт зыяндуу "Triton" программасын түзүүгө катышканын белгилешүүдө. Бул программа өндүрүш тармагынын системасына чабуул коюу максатында жасалганы "Америка добушунун" макаласында айтылган.

Акыркы жылдары "Triton" АКШнын Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрүнө каршы колдонулган, андан тышкары АКШнын аймагындагы объектилерин изилдеген.

"Америка добушу" кабарлагандай, институттун америкалык юрисдикцияда жайгашкан жабдууларынын баары блоктолду. АКШ жарандарына бул институт менен кызматташууга тыюу салынды.

Орусияда 1894-жылы негизделген Химия жана механика илимий-изилдөө борбордук институту тараптан санкцияга байланыштуу комментарий боло элек.

XS
SM
MD
LG