Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Бишкек: сугат суу тартыштыгына нааразы дыйкандар акцияга чыгышты


Чүй облусу.
Чүй облусу.

Чүй облусунун Жаңы-Жер, Жаңы-Пахта, Төмөнкү Чүй жана Камышанов айыл өкмөттөрүнүн дыйкандары сугат суу тартыштыгын айтып 14-июнда Министрлер кабинетинин алдына нааразылык акцияга чыгышты.

Алар суу бөлүштүрүүдө башаламандык болуп, жергиликтүү бийлик кырдаалды көзөмөлдөбөй жатканына арызданышты.

Акцияга чыккандар мындай жагдайдан улам дыйкандардын эгин-тегини күйүп, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралышы мүмкүндүгүн эскертишти.

Нааразы болгон дыйкандар менен президенттин администрациясынын Агро өнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Алымкул Кулуев жолукту.

“Туугандар, бул жерге маселе менен келдиңер. Бирок силер келгенде эле суунун деңгээли көтөрүлүп кетсе сонун болмок. “Бири аз, экинчиси көп суу алып алды” деген күмөн ой болбошу керек силерде. Биз аны көзөмөлдөйбүз, сууну ченеп беришет. Керек болсо күмөн болбошу үчүн силер да адамдарыңарды кошуп бергиле”, - деди Кулуев.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Мамлекеттик суу ресурстар агенттигинин орун басары Абдыбай Жайлообаев сугат суунун тартыштыгына кышкысын кар аз жааганы менен негиздеди. Ал "Азаттыкка" сугат суу аз болгондуктан 8-10 куб метр дефицит келип чыкканын билдирди. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG