Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

Ош-Исфана жолундагы кырсыкта өлгөндөрдүн саны алты адамга жетти


Бишкек-Ош жолундагы кырсык.
Бишкек-Ош жолундагы кырсык.

Ош-Исфана жолунда 13-июндун түнүндө катталган жол кырсыгынан жабыркаган дагы үч киши ооруканада каза болду.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин Ноокат районундагы Ош-Баткен-Исфана жолунун 23-чакырымында эки унаа кагылышып, кырсык болгон жерде үч киши үзүлгөн.

Анда жаракат алган тогуз киши ооруканага жеткирилип, бүгүн, 14-июнда алардын үчөө көз жумганы белгилүү болду. Алар 5, 15 жаштагы балдар жана жаңы төрөлгөн ымыркай экени аныкталды.

Кырсыктан жаракат алган алты жаш бала Ош облустук жана Ноокат райондук ооруканаларына жеткирилди.

Окуя болгон жерде ӨКМдин төрт куткаруучусу, бир "тез жардам" бригадасы жана милиция иш алып барууда.

12-июнда Бишкек-Ош жолунун 495-чакырымындагы жол кырсыгынан алты адам көз жумган. Ушул эле күнү Бишкек-Чолпон-Ата жолундагы кырсыктан үч киши мүрт кетип, алардын экөө жаш балдар болгон.

Кыргызстанда 12-июндан бери автокырсыктан 15 киши көз жуумп, ондон ашууну жарадар болду.

Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине (ИИМ) жайкы туристтик мезгилде автоунаалардын кыймылы эселеп көбөйөрүн эскертип, жол кырсыктарын алдын алуу чараларын күчөтүүнү тапшырды.

Ички иштер министрлиги бүгүн, 14-июнда чукул кеңешмеге чогулуп, жол кырсыктарын алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды күчөтүүнү талкуулашты. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG