Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:31

Мурдагы дүйнө чемпиону Александр Поветкин бокстон кетти


Орусия. Мурдагы дүйнө чемпиону Александр Поветкин.
Орусия. Мурдагы дүйнө чемпиону Александр Поветкин.

Бокс боюнча эң оор салмактагылар арасында 2011-жылдагы дүйнө чемпиону орусиялык Александр Поветкин спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады. 41 жаштагы спортсмен быйыл март айында британиялык Диллиан Уайтка техникалык нокаут менен утулуп, оор салмактагылардын WBC версиясы боюнча убактылуу чемпиондук курун жоготкон болчу.

“Мен азыр 20 жашта эмесмин. Мындай чечим оңой болгон жок. Бирок убакыт өзүн көргөзөт экен”, – деп айтканын РИА "Новости" агенттиги ага шилтеме берип, жазып чыкты.

Поветкин спорттук карьерасында 36 жолу жеңип, үч ирет уттуруп, бир таймашты тең чыгуу менен аяктаган. 2004-жылы Афинада өткөн олимп оюндарынын жеңген. Дүйнөнүн бир жолку, Европанын эки жолку чемпиону.

Ал 2011-жылдан бери оор салмактагылардын WBC версиясы боюнча дүйнө чемпиону болуп келди.

Поветкин 2013-жылы бир эле учурда беш версия боюнча чемпиондук титул үчүн Владимир Кличко менен мушташып, утулуп калган. Ал 2016-жылы допинг-тесттен өтүп, профессионалдык рейтингден чыгарылган. Бирок ал өзү тыюу салынган препараттарды колдонгонун танган. Мына ошондон соң ал рингге кайра кайтып келип, спортто бир нече ийгилик жараткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG